Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусу, Ош 20.09.2018 16:24

Ош облусунда 8 айда жол кырсыктан 56 адам каза болду

Turmush -  Ош облусунун аймагында 8 айдын ичинде 56 адам жол кырсыктын кесепетинен каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда өкүлчүлүктөгү жыйында ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Айжигит Зикиров билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыктан жабыркаган адамдардын саны 640ка жетти.

«Ош облусунда 8 ай аралыгында 377 жол кырсыгы катталды. Жол кырсыктан 640 адам жабыркап, 56 адам көз жумду. Мындан сырткары жаш балдар катышкан 99 жол кырсыгы катталды. Жол кырсыктардын 80 пайызына айдоочулар күнөөлүү болуп жатат. Эл аралык деңгээлдеги жолдордо жол белгилери жетишпей, жол тар болууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×