Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 20.09.2018 16:31 Жаңыланды: 20.09.2018 17:47

Папан айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан убактылуу бошотулду

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан убактылуу бошотулду. Аймактык кабарчы тактаган алдын ала маалыматтар боюнча, буга чейин айыл өкмөттүн жетекчилигине карата коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул маалыматты Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов тастыктап, айыл өкмөт башчысы убактылуу ишинен четтетилгенин кошумчалады.

Айыл өкмөт башчыга кылмыш ишти Ош облустук прокуратурасы козгогон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×