Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 21.09.2018 09:14 Жаңыланды: 21.09.2018 10:09 На русском

Коркунучтуу шектүү табыла элек. Казакстандагы абактан качып, Кара-Сууда милиционерлер менен кармашкан (сүрөт, видео)

Turmush -  Милиция кызматкерлери оор кылмышка шектүү адамды издөө иштерин улантып жатышат. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Казакстандагы абактан качып чыккан Жылдызбек Бекмурзаев Кара-Суу районунда укук коргоо органдарына каршылык көрсөтүп, андан кийин качып кеткенин 20-сентябрда билдирген. Ал милиционерлерди автоматтан ок атам деп коркуткан.

Маалым болгондой, ал буга чейин Бишкекте изделип, Казакстандан колго түшүрүлгөн болчу. Кармалгандан кийин мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн 6 айга камакка алынган. Кайра 2017-жылдын 21-декабрында качып кеткен.

Ж.Бекмурзаев Кыргызстандын жараны. Ал адам өлтүрүү, куралдуу кол салуу, каракчылык, уурулук сыяктуу кылмыштарды жасаган уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү экени белгилүү.

Шектүү

Шектүү Жылдызбек Бекмурзаев

------------------------------------------------------------------------------------------------

Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери оор кылмыштарды жасаган кооптуу топтун изине түшкөнү маалымдалган. Алар Абдышүкүр Нарматовдун үйүн тоноп, уулуна ок аткан кылмышка да шектүү.
Аталган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, качып жүргөндөрдүн бири Россиядан колго түшүрүлгөн. Ал эми топту уюштурган адам качып кетүүгө жетишкен. Кийинчерээк анын жүргөн жери аныкталган. 21-июль күнү Казакстандын Костанай облусунда издөөгө алынган Ж.Б. кармалып, чек арадан мыйзамсыз өтүп, Алмата, Тараз, Костонай шаарларында жашынып жүргөнү такталган.

Аны экстрадициялоо маселеси каралып, бирок Казакстан аны өткөрүп берген эмес. Чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн сот аны 6 айга кесип, Ж.Б. ал жерден качып кеткен. Казакстандын укук коргоо органдары ага издөө жарыялаган. Үйүнө кайтып келген Ж.Б. жаңы кылмыштуу топ уюштурган.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы изделип жаткан шектүү тууралуу маалымат билгендерди (312) 26-62-61; (550) 101-086; (558) 919-199; (559) 148-310 телефон номурларына билдирип коюуну өтүнөт. Сыйлык жана ананимдүүлүккө кепилдик берилет.

Изделип жаткан адам кооптуу жана куралдуу болгондуктан өз алдынча кармоо аракеттерин көрбөө эскертилет.

Ж.Б. 2017-жылы Костанай шаарында кармалгандагы көрсөтмөсү:

Кылмыштуу топтун кандай кылмыштарга тиешеси бар?

1. Абдышүкүр Нарматовдун унаасын талкалап, уулуна ок атып кетишти

Белгисиз адамдар Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовдун унаасынын терезелерин талкалап, ичиндеги акчасын алып кеткен. Ошондой эле алар А.Нарматовдун уулуна ок чыгарганын булактар билдирген болчу.

Бул маалыматты Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктап: «3-майда саат 04:20 чамасында А.Нарматов аттуу жарандын Көк-Жар конушундагы үйүнүн короосунда токтоп турган "Тойота Камри" үлгүсүндөгү унаасынын терезесин белгисиз адамдар талкалаган. Анын ичинен 8 миң сом акча жоголду. Андан кийин белгисиз уурулар үйгө кирүүгө аракет кылышып, ошол учурда үй ээси менен 1997-жылы туулган уулу ойгонуп кетишкен. Уулу сырттагы белгисиз эки адамды көрүп, дароо артынан кууп жөнөгөн. Алардын бирине жетип, кармашып жатканда, экинчиси тапанчадан 2-3 жолу ок чыгарып, шериги экөө качып кетүүгө жетишкен. Үй ээсинин уулу жаракаты менен дароо ооруканага жеткирилип, дарыгерлер жардам көрсөткөндөн кийин үйүнө кеткен», - деп айтылат.

Бул окуя боюнча Аламүдүн РИИБи уурулук жана каракчылык фактылары боюнча иш козгоп, иликтөө иштери жүрүп жаткан.

Бул окуя кандай болгонун Абдышүкүр Нарматов Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берген.

«Ал уурулар коңшубуздун короосу аркылуу биздин короого киришкен. Кошунанын үн берүүчү жабдыгы (сигнализация) болгондуктан кире алышкан эмес. Ал күнү уурулар биздикинен башка үйлөргө да киришиптир.

Эртең менен багымдат намазын окуганы ойгонгондо эшикте дабыштарды уктук. Үйдөгү жарыктарды күйгүзүп, эшикке чыксам эки чоочун адам жүрүптүр. Алардын бири көчө жакка качып кетип, экинчиси кошунанын короосу аркылуу көчөгө чыкты. Анын артынан кууп, колумдагы буюмдар менен чапкылаганга жетишип калдым. Ошол учурда уулум артымдан жете келди. Уурулардын колунда травматикалык тапанчасы бар экен. Алгач байкаган эмеспиз, кийин уулумдун бутуна ок тийип, көгөрүп калганын билдик», - деген А.Нарматов.

2. Аламүдүндөгү акча алмаштыруучу жайдын ээсин баласынын көзүнчө атып, тоноп кетишти

2018-жылы 23-июнь күнү таңга маал Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылындагы акча алмаштыруучу жай белгисиз адамдар тарабынан тонолгон. Күбөлөрдүн айтымында, бул убакта акча алмаштыруучу жайдын ээси үйүндө уктап жаткан.

«Акча алмаштыруучу жайды өздөрү жашаган үйдүн эле жанында ачып, иштетип жүрүшкөн. Окуя болгон учурда үйдүн ээси уктап жаткан экен. Ал эми анын уулу менен бажасы экөө акча алмаштыруучу жайдын ичинде отурушкан. Ошол убакта видеодогу окуя болду. Бажасы менен баласы үйгө чуркап барып, кожоюнга айтышкан. Ал алдыга чуркап жөнөп, кылмышкерлерге каршылык көрсөткөндө травматикалык тапанча менен аткан экен», - деген күбөлөр.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы бул окуяны тастыктап, окуя 23-июнда таңкы саат 4:00 чамасында болгонун билдирген болчу.

«23-июнда саат 4:00 чамасында Аламүдүн РИИБге каракчылык боюнча билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери 3 кылмышкер акча алмаштыруучу жайга кирип барып, ал жактагыларды тапанча менен коркутуп, тоноп кеткенин аныктаган. Кылмышкерлер «BMW X5» унаасына трос байлап, терезенин темир тосмосун жулуп, акчаны алып кеткен. Белгисиз кишилер акча алмаштыруучу жайдын 3 кызматкерине күч колдонуп, 340 миң сом жана 2 миллион теңгени тартып алышкан. Учурда уурдалган сумма дагы такталууда. Кылмышкерлер кол салган учурда 1 адам көкүрөк тушка жана сол колуна ок жеген. Ага амбулатордук жардам берилди», - деп айтылган маалыматта.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин каракчылык беренеси боюнча кылмыш иш козголуп, кылмышкерлерди издөө аракеттери улантылып жаткан.

Кийинчерээк кылмыш учурунда колдонулган «SsangYong Musso» үлгүсүндөгү унаа шаардын четинен табылып, ээси 1961-жылы туулган А.Юсуфов экени аныкталган. Ал такси кызматынын айдоочусу болгон. 3 күндөн кийин, тактап айтканда 26-июнда таксисттин киши колдуу болгон жансыз денеси (колу-буту байланган) Ленин айылындагы жардан табылып, Чүй ОИИБдин тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексиндеги 97-берененин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козгогон.

Шектүүлөр алгач унааны уурдап, акча алмаштыруучу жайды тоношкон. Мунун алдында таксист өлтүрүлгөнү кийинчерээк маалым болгон.

ИИМдин маалыматына караганда, Криминалдык милиция кызматынын тажрыйбалуу кызматкерлери дыкат талдоо жүргүзүшкөн. Борбордогу, андан кийин өлкөнүн түштүгүндө жасалган уурулук фактылары окшош болгону аныкталган. Кылмыштын бетин ачуу жана кылмыштуу топтун мүчөлөрүн аныктоо үчүн ыкчам кызматкерлер тартылып, алар өлкөнүн түштүгүндөгү видео байкоодогу материалдарга талдоо жүргүзүшкөн.

3. 2018-жылдын июль айынын аягында бет капчан эки адам Жалал-Абад шаарындагы «Лига-Трейд» ЖЧКнын кеңсесине кирип, сейфти талкалап, 290 миң сом жана баалуу буюмдарды уурдап кетишкен.

4. Жалал-Абад шаарындагы «Партнер-Нефть» ЖЧКнын кеңсесине кирген белгисиз адамдар акча жана 450 тоннадан ашык бензин талондорун алып кетишкен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 164-берененин (уурулук) негизинде кылмыш иш козголгон.

5. 31-июлга караган түнү Ош шаарында белгисиз адамдар «Даннур-Юг» ЖААнын имаратына кирип, сейфти талкалап, 60 миң доллар жана 2 млн сомдон ашык акчаны уурдап кетишкен. Келтирилген материалдык чыгым 7 млн сомдон ашкан. Бул факты боюнча Ош ШИИБ Кылмыш-жаза кодексиндеги 164-берененин негизинде кылмыш иш козгогон.

Ушул жылдын август айында Ысык-көл облусунун аймагында аталган кылмыштарга шектелип 1993-жылы туулган Б.Ы. кармалган. Ал Ысык-Көл районунун тургуну, буга чейин уурулук, тоноо, бейбаштык жана баңгизат кылмышы боюнча соттолгон.

Кармалган адамдын шериги Талас облусунун 1986-жылы туулган тургуну Ж.Б. болгон. Ал да тоноо, зордуктоо, каракчылыкка шектелип, Кыргызстан менен Казакстандын аймагында издөөгө алынган.

6. 2017-жылы февраль айында аталган топ Бишкектеги «Цзи Сянь» ресторанына кол салган.

7. Өткөн жылдын март айында «НСК» камсыздандыруу компаниясына кол салуу болгон.

8. «Прод-Импекс» ЖЧКга каракчылык жасалып, ири суммадагы акча уурдалган.

9. 2017-жылы апрель айында «Альфа-Секьюрити» ЖЧКдан көп сандагы ок атуучу курал уурдалган.

10. «ГипПрофи», «Фирдаус Трейд» жана «Крос Инк» фирмаларынан ири өлчөмдөгү акча уурдап кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×