Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 21.09.2018 09:32

Акыркы суткада өлкө аймагында 31 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 31 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 37 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 21-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы. Өрт кырсыктардан адамдар жабыркаган жок.

Оштогу Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагынын Киров айылында эки кабаттуу сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен 230 чарчы метр чатыры жана 150 түк чөп күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Өргө конушунда «Лада-2407» үлгүсүндүгү унаа (мамлекеттик номуру ЕР833В) өрттөндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×