Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 21.09.2018 11:43 На русском

Коркунучтуу шектүүнү издөө үчүн Оштун четиндеги талаа курчоого алынды. Милиция менен 2 адам кармашкан

Turmush -  Оштун Кара-Суу районунда милиция кызматкерлери менен кармашкан оор кылмышка шектүү Жылдызбек Бекмурзаевдин жанында дагы бирөө болгон. Азырынча ал ким экени белгисиз.

Алар милиция кызматкерлерине тирүү кармалбай турганын айтып, эгин талаасын аралап качып кетишкен. Учурда шектүүлөрдү издөө иштери улантылып жатканын өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, саат 17:00 чамасында жаңы автобекеттин айланасынан жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөр издөөдө жүргөн Жылдызбек Бекмурзаевге түспөлдөш адамды көрүшкөн. Алар тиешелүү бөлүмдүн кызматкерлерин чакырып, издөөдө жүргөнү белгилүү болгондон кийин аны кармоого аракет кылышкан. Бирок шектүү жана анын жанындагы адам спорттук баштыгында курал-жарактар бар экенин айтып, тирүү кармалбай турганын эскертишкен. Андан соң «Мерседес» үлгүсүндөгү унаасы менен качып жөнөшкөн.

Аларды артынан кубалаган милиция кызматкерлеринин унаасын сүзүп, дөңгөлөгүн жараксыз кылып, жолдон чыгарып качып кетишкен. Алардын алдынан кайрадан башка милиция кызматкерлери тосуп чыкканда унаасын таштап, эгин талаасын аралап качышкан. Шектүүлөрдүн унаасы алынып, учурда өздөрүн издөө иштери улантылып жатат. Оштун чет жакасындагы талаа курчоого алынган.

Ж.Бекмурзаев буга чейин Бишкекте изделип, Казакстандан колго түшүрүлгөн болчу. Кармалгандан кийин мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн 6 айга камакка алынган. Кайра 2017-жылдын 21-декабрында качып кеткен.

Ж.Бекмурзаев Кыргызстандын жараны. Ал адам өлтүрүү, куралдуу кол салуу, каракчылык, уурулук сыяктуу кылмыштарды жасаган уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү экени белгилүү.

Шектүү Ж.Бекмурзаев

Шектүү Жылдызбек Бекмурзаев

------------------------------------------------------------------------------------------------

Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери оор кылмыштарды жасаган кооптуу топтун изине түшкөнү маалымдалган. Алар Абдышүкүр Нарматовдун үйүн тоноп, уулуна ок аткан кылмышка да шектүү.
Аталган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, качып жүргөндөрдүн бири Россиядан колго түшүрүлгөн. Ал эми топту уюштурган адам качып кетүүгө жетишкен. Кийинчерээк анын жүргөн жери аныкталган. 21-июль күнү Казакстандын Костанай облусунда издөөгө алынган Ж.Б. кармалып, чек арадан мыйзамсыз өтүп, Алмата, Тараз, Костонай шаарларында жашынып жүргөнү такталган.


Аны экстрадициялоо маселеси каралып, бирок Казакстан аны өткөрүп берген эмес. Чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн сот аны 6 айга кесип, Ж.Б. ал жерден качып кеткен. Казакстандын укук коргоо органдары ага издөө жарыялаган. Үйүнө кайтып келген Ж.Б. жаңы кылмыштуу топ уюштурган.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы изделип жаткан шектүү тууралуу маалымат билгендерди (312) 26-62-61; (550) 101-086; (558) 919-199; (559) 148-310 телефон номурларына билдирип коюуну өтүнөт. Сыйлык жана ананимдүүлүккө кепилдик берилет.

Изделип жаткан адам кооптуу жана куралдуу болгондуктан өз алдынча кармоо аракеттерин көрбөө эскертилет.

Ж.Б. 2017-жылы Костанай шаарында кармалгандагы көрсөтмөсү:
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×