Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ош облусуАраван району 21.09.2018 14:22 Жаңыланды: 21.09.2018 16:06 На русском

19 жаштагы балбан Акжол Махмудов белекке «БМВ» алды (сүрөт)

Turmush -  Дүйнөлүк чемпионаттан кийин бүгүн, 21-сентябрь күнү Ош шаарына учуп келген Акжол Махмудовду эл аралык аэропорттон салтанаттуу тосуп алышкан. Андан кийин балбан өзү чоңойгон Араван районуна сапар алды.

Араван райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, Махмудовго жердештери жана туугандары унаа белек кылышты.

«Акжолго жердештери жана туугандары унаа белек кылышты. Ошондой эле акчалай да сыйлыктарды беришти», - деди райондук администрациянын кызматкери Асылбек Абдуллаев.

Автомобиль Акжолу Махмудову

Акжол Махмудов

Кадеттер арасында Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону болгон 19 жаштагы балбандын акыркы байгелүү мелдештери Жайкы Азия оюндарында жана Күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта болду.

Словакиядагы Күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта 18-сентябрда Акжол Махмудов коло байге тагынган. Ошондой эле 22-августта Индонезиядагы жайкы Азия оюндарында финалга чейин жетип, жыйынтыгында күмүш байгеге татыган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×