Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ош облусуАлай району 22.09.2018 13:18

Алайдын Жошолу айыл өкмөтүндө жаңы курулган мектеп менен эмкана пайдаланууга берилди (сүрөт)

Turmush -  Алай районундагы Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Турмуш айылында Курманжан Датка атындагы №19 орто мектебинин жаңы имаратынын жана Миязды айылында эмкананын курулуштары аяктап, калк кызматына пайдаланууга берилди.

Маалым болгондой, жаңы курулуштардын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, өкмөттүнОш облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков, КРдин өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Урматбек Кокочоров, Алай районунун акими Илияз Ташкулов жана жерлигиктүү тургундар катышышты.

Салтанаттарда вице-премьер-министри Кубатбек Боронов президент, жалпы эле мамлекет тарабынан калк жашоосуна көрүлүп жаткан камкордуктар, 2018-жыл – Региондорду өнүктүрүү жылындагы болуп жаткан иш-аракеттер тууралуу айтып, ошол камкордуктардын бири мына ушундай социалдык объектилердин берилип жатышын мисал кылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×