Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 23.09.2018 09:09 Жаңыланды: 23.09.2018 12:39 На русском

Өзгөндө 2 унаа кагышып, «Форд Мондеонун» айдоочусу өрттөнүп каза болду (видео)

Turmush -  Кечээ, 22-сентябрда Өзгөн районунун Кароол айылында 2 унаа кагышып, күйүп кеткен «Форд Мондео» үлгүсүндөгү унаанын айдоочу каза болду. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, кырсык саат 22:25 чамасында болгон. Чоң-Алай районунун Кабык айылынын 1987-жылы туулган тургуну М.Ж. чоң жүк ташуучу унаасы менен бара жаткан учурда «Форд Мондео» үлгүсүндөгү унаа арт жагынан келип урунган. Андан соң «Форд Мондеодон» өрт чыгып, күйүп кеткен. Анын кесепетинен «Форд Мондеонун» айдоочусу каза болду. Айдоочунун ысымы тактала элек.

Учурда аталган кырсык боюнча Өзгөн РИИБ тарабынан тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×