Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 23.09.2018 17:10 На русском

Өзгөндө өспүрүм асынып каза болуп, 43 жаштагы аял бычактан жаракат алды

Turmush -  Өзгөн районунда 1 күндүн ичинде өз өмүрүнө кол салуу боюнча 2 факты катталды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 21-сентябрда Мырза-Аке айылынын ооруканасына Большевик айылынын 1975-жылы туулган тургуну Б.С. (аял киши) менен Салам-Алик айылынын 2005-жылы туулган тургуну Т.А. жеткирилген.

Аталган аял ооруканага курсагына курч буюм сайылгандан кийин 3 сааттан соң жеткирилген. Кийинчерээк ал кокустан жыгылып, курсагын жүгөрүнүн сөңгөгү тилип кеткени тууралуу маалыматты Ош ОИИБден тастыкташты.

Ал эми өспүрүм саат 15:30 чамасында асылып турган жеринен табылган. Анын денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Каза болгон өспүрүм 26-сентябрда 14 жашка толмок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×