Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусу, Ош 24.09.2018 09:45 Жаңыланды: 24.09.2018 13:20 На русском

Нурила Кенжебаева — Ош шаарында троллейбус айдаган жалгыз айым (видео, сүрөт)

Turmush -  45 жаштагы Нурила Кенжебаева троллейбус башкарууну Бишкек шаарында 6 айда үйрөнгөн. Ал учурда Ош шаарында троллейбус айдаган жалгыз айым. Эки жылдан бери мырзалар менен тең тайлашып троллейбус башкарып жүргөн айдоочу айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, кесиптештеринин басымдуу бөлүгү башка жумушка которул деп сунушташат. Ал эми бул жумушунун башында кыйынчылыктар көп болгон.

«Башында кесиптештерим иштей албайсың деп айтышты. "Аял кишисиң, үйдө отуруп же башка жумушта иштесең болбойбу?" деп көп айтып жүрүштү. Бирок мен алардын сөзүнө кулак салбастан өжөрлүк кылып, кесиптештеримдин каршылыктарын жеңип чыктым», - деди Нурила Кенжебаева.

Анын иш күнү эртең менен саат 06:00дө башталат. Айдоочулар менен кезектешип, жүргүнчүлөргө кечки саат 20:00-21:00гө чейин кызмат кылышат. Ал эми 1 айлык эмгек акысы 6-7 миң сомго жетет.

«1-линияда иштеген убакта бир каттам үчүн 500 сом төлөчүбүз. Ал эми 2-линияда каттасак 250 сом төлөйбүз. Мисалы бир күндө 1-линияда 5 жолу каттасак 2500 сом, ал эми 2-линияда каттасак 1250 сом болуп калат. Биз студенттер бар убакта төлөмдөрдү төлөгөндөн кыйналбайбыз. Жайында студенттер жок болуп, кыйындап калат», - деди айдоочу айым.

Ошондой эле электр тогу өчүп, жолдо токтоп калган кызыктуу күндөрү тууралуу айтып берди.

«Аял кишиге троллейбустай чоң унааны башкаруу оңойго турбайт. Техника бузулуп да калат. Бир жолу кесилиштен чукул бурулуп алып, штангалары (токко туташып турган линия) чыгып кетип, кыйналгам. Ошондо жүргүнчүлөрдү көпкө күттүрүп, катуу уялган элем. Ошондон кийин штанганы өзүм койгонду да өздөштүрүп алдым», - деп кошумчалады.

Нурила Кенжебаеванын уулу Ош шаарындагы мектептердин биринде 9-класста билим алып жатат. Ал уулу экөө шаардын чекесиндеги жатаканалардын биринде жашашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×