Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 24.09.2018 10:36

Өзгөндөгү кампада 20 муздаткыч жана кир жуучу машиналар өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 20 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 25 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 24-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы. Өрт кырсыктардан адамдар жабыркаган жок.

Өзгөн шаарындагы үй тиричилик техникаларынын кампасында 20 даана муздаткыч жана кир жуучу машиналар өрттөндү. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Жалал-Абаддагы Ноокен районунун Масы айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен 60 чарчы метр чатыры жана 400 боо чөп күйгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×