Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 24.09.2018 11:17 На русском

Бир күндөгү 2 кырсык: Өзгөндө асынып каза болгон окуучу 4 бир туугандын экинчиси болчу

Turmush -  Өзгөн районунда 1 күндүн ичинде өз өмүрүнө кол салуу боюнча 2 факты катталганы маалым болгон эле. Алдын ала маалыматтарга караганда, 21-сентябрда Мырза-Аке айылынын ооруканасына Большевик айылынын 1975-жылы туулган тургуну Б.С. (аял киши) менен Салам-Алик айылынын 2005-жылы туулган тургуну Т.А. жеткирилген. Б.С. курсагына сайылган учтуу буюмдан жаракат алса, өспүрүмдүн денесин асылып турган жеринен табышкан.

Салам-Алик айылындагы тургундардын айтымында, 8-класста билим алып жаткан өспүрүм бала уюлдук телефонун мектепке көтөрүп барганда мугалимдеринин бири алып койгон. Маркум телефонун кайтарып берүүнү директордун тарбия иштер боюнча орун басарынан суранган. Бирок мугалимдер ата-энесин чакырып, андан соң гана телефонун бере турганын айтышкан. Ал бала үйүнө барганча апасы менен мугалимдери байланышып, окуянын чоо-жайын жеткиришкен.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, маркум өспүрүмдү жетиштүү жашаган үй-бүлөнүн уулу, акылдуу, мектептеги алдыңкы окуучулардын бири катары билишкен. Ошондой эле буга чейин шоктук кылганын укпаганын айтышты.

Баланын денесин туугандары Мырза-Аке жалпы дарыгерлер практикалык борборуна алып барышкан. Бирок борбордун жетекчиси Бубатма Кудайбердиеванын айтымында, ал ооруканага жеткенге чейин эле көз жумган.

«Бизге баланы саат 16:50дө алып келишти. Келгенде эле бала каза болуп калган экен. Ал үйүндө 15:30 чамасында асынышы мүмкүн», - деди Б.Кудайбердиева.

Окуучунун денеси өзү жашаган үйдөн табылганын Ош ОИИБден да тастыкташты. Ал эми ата-энеси денени соттук-медициналык эскпертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.

Маркум 4 бир туугандын экинчиси болчу. Ал эми ата-энеси уулуна каза болгон күнү катуу сөз айтпаганын, сабакты жакшы оку деп суранганын айтууда.

Учурда Өзгөн РИИБи тарабынан окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми Өзгөн районунун билим берүү башкармалыгы аталган мектептин директору жакында эле дайындалганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×