Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 24.09.2018 12:56 На русском

Өзгөндө унаасы менен кошо өрттөнгөн айдоочунун өздүгү такталды

Turmush -  Өзгөн районундагы жол кырсыктын кесепетинен көз жумган адамдын өздүгү такталды. Ал Куршаб айылынын 1989-жылы туулган тургуну Ж.М. (эркек киши) экени аныкталган.

Ош ОИИБдин маалыматы боюнча, бул окуяга байланыштуу соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү адистер иштеп жатышат.

Окуя 22-сентябрда саат 22:25 чамасында Өзгөн районунун Кароол айылында 2 унаанын катышуусунда болуп, «Форд Мондео» үлгүсүндөгү унаа айдоочусу менен кошо күйүп кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, Чоң-Алай районунун 1987-жылы туулган тургуну М.Ж. чоң жүк ташуучу унаасы менен бара жаткан учурда «Форд Мондео» үлгүсүндөгү унаа арт жагынан келип урунган. Андан соң «Форд Мондеодон» өрт чыгып, күйүп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×