Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ош облусу, Ош 24.09.2018 17:42 На русском

«Ажырашпа, суранам»: Ошто аялына таарынган киши электр мамыга асынды. Видео

Turmush -  Ош шаарындагы Анар кичи районунун тургуну Андрей (ысымы өзгөртүлдү) темир электр мамычасына чыгып алып, өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Анын мындай кадамга барышына үй-бүлөлүк чыр-чатактар себеп болгонун окуяга күбө болгондор билдирди.

Ал эми Ош ШИИБге бул тууралуу маалымат түшкөн эмес.

Turmush басылмасына маалым болгондой, анын 6 жылдан бери бирге жашап келе жаткан жубайы ажырашуу тууралуу арыз жазган. Жубайынын мындай чечимине Андрейдин ичкиликке берилип кеткени себеп болгон. Ал окуя болгон күнү — 2018-жылдын 10-сентябрында аялынан ажырашууга жазган арызын кайтарып алууну суранган.

Анын мамыга чыкканын, асынуу аракетин алгач эч ким байкаган эмес. Ал жипке асынгандан кийин ошол айланадагы эл куткарып калууга жетишкен. Айрым маалыматтар боюнча, ал жерге чогулган элдин саны 100 адамдан ашты. Окуядан кийин Андрейди туугандары үйүнө алып кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
1
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×