Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуКара-Кулжа району 25.09.2018 10:33 На русском

Ошто 1 млн сомдон ашык акчаны алдап алган банктын кызматкерине кылмыш иш козголду

Turmush -  Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Кулжа райондору боюнча райондор аралык бөлүмү өлкөдөгү банктардын биринин кызматкери кызматтык абалын пайдаланып, адамдарды алдаганын аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2016-жылдын октябрь айынан баштап 2018-жылдын июнь айына чейин «А» банкынын аманат кассасынын башчысы Ж.А. банк уюмундагы кызматтык абалын пайдаланып, жарандардын ишеничине кирип, депозиттик эсептерди ачып берем деп 1 млн сомдон ашык акча каражатын алып жүргөн. Ал жасалма келишимдерди түзүп, көрсөтүлгөн каражатты банктын кассасына жазган эмес (каражатты өзүнүн керектөөлөрүнө жумшаган).

Анын кесепетинен жарандарга ири суммадагы зыян (жалпы суммасы 1 млн 289 сом) келтирилген. Ушул жылдын 18-сентябрында бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 166-берене (алдамчылык) жана 221-берененин (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) негизинде кылмыш иш козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×