Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Ош облусуАлай району 25.09.2018 11:39 На русском

Сүрөт: Алайда жардан кулаган унаанын айдоочусу көз жумду

Turmush -  Алайда 60 метр бийиктиктеги жардан кулаган унаанын айдоочу каза болуп, жүргүнчүсү ооруканага жеткирилди. Бул кырсык тууралуу маалыматты Ош ОИИБден тастыкташты.

Маалым болгондой, 23-сентябрга караган түнү Будалык айыл өкмөтүнүн Кум-Шоро айылынын аймагында Гүлчө айылынын 1981-жылы туулган тургуну М. уулу А. өзүнүн «Ниссан Примера» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жаткан. Ал унаанын башкаруусун жоготуп, жолдун түштүк тарабындагы болжол менен 50-60 метр жардан кулаган. Унаа бир нече ирет оодарылып, Будалык суусуна түшкөн.

Анын кесепетинен айдоочу окуя болгон жерде каза болуп, жүргүнчүсү — Гүлчө айылынын тургуну Н.С. жаракат менен аймактык ооруканага жеткирилди. Учурда аталган кырсык боюнча экспертизалар дайындалып, Алай РИИБи тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×