Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусуНоокат району 26.09.2018 09:43 Жаңыланды: 27.09.2018 11:15 На русском

Сүрөт: Уул-кызы менен бирге сатылып, 12 жылдан кийин кайтып келген Калиманын учурдагы жашоосу

Turmush -  Эки баласы менен 12 жыл кулчулукта жүрүп, 2017-жылы качып келген Калима жер тилкесине муктаж. Алар агасынын Ноокат районунун Кара-Таш айылындагы үйүнө келишкен. Үйдүн кожойкеси Шаангүл Исраилова (жеңеси) жер маселеси боюнча айыл өкмөт башчысы Баатыр Мамарасуловго кайрылганын, бирок жыйынтык чыкпай жатканын айтат.

«Алгач 5 000 сом акчалай жардам беришкен. 5 сотых болсо да жер бөлүп беришсе, жалпылап үй куруп берет элек. Айыл өкмөт башчысына барсак "эмнеге келдиңер, жер жок" деп кыйкырат. Бир жыл болсо да жер маселесин чече албай жатышат. Өзүмдүн үйүмдө да майыптар жетиштүү. Буларды бөлүп, өз тиричилигин өздөрү алып кетишин каалайм», - деди Шаангүл Исраилова.

Ал эми айылдык кеңештин төрагасы Нурсеит Жаңыбаев акчалай жардам берилип жатканын кабарлады.

«Жер алабыз деп кезекте турган жашоочулар 2 миңге жакын. Бул үй-бүлөнү да кезекке койгонбуз. Өкмөт чечим кабыл алса, жер баланстан чыкса чыкса гана берилет. Мыйзамга баш ийебиз. Бирок 15 миң сом акчалай жардам бергенбиз», - деди Нурсеит Жаңыбаев.

3 айлык кызы, 9 жаштагы уулу менен бирге сатылып, өзүнүн жерине 12 жылдан кийин гана кайтып келгенин айткан Камила менен буга чейин Turmush басылмасынын кабарчысы маектешкен эле.

-------------------------------------------------------------------------

Казакстанга бирге кеткен 3 айлык кызы быйыл 13 жашка, ал эми 9 жаштагы уулу 22 жашка толду. Ар кимдин коюн кайтарып, апасына баш-көз болгон уулу Таабалдынын кат сабаты жоюлган эмес.

«Жолдошум менен ажырашып, 2 балам менен агамдын үйүндө жашап жаткам. 2005-жылы бир тууган бөлөм Казакстанга барып иштеп келүү сунушун киргизди. Ал: "биз тамекиде иштейбиз, сен бизге тамак жасап, ашпозчу болосуң" деди. Мен ага ишенип, иштеп келейин деген ой менен Казакстанга бардым. Баргандан кийин уулумдун туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен менин паспортумду алып койду. Кызымдын күбөлүгүн жашырып калганга араң жетиштим. Андан кийин уулум экөөбүздү казактарга 60 миң теңгеге (казак теңгесинин 2006-жылдын май айындагы курсу менен 12 миң 600 сом) сатып жиберди. Мен бизди сатып алган кишилердин кирин жууп, малын кайтарып жүрдүм. 4 жыл өтө кыйналып жашадык.

2009-жылы дудук казак кишиге турмушка чыктым. Ал менин кызымды окутту. Ал эми, уулум көрүнгөндүн малын кайтарып жүрдү», - деди көзүнө жаш алган Калима.

Ошондой эле уулу Таабалды көп кыйынчылыктарды көрүп, бутун трактор тебелеп кетсе дагы ооруканага барган эмес. Учурда суук түшкөн сайын буту ооруйт. Казакстанда ага тиешелүү 15ге жакын кой калганын айтты.

«Өгөй атам жакшы киши болчу. Бирок мени анын балдары батырышкан жок. Мен ар кимдин малын кайтырып, айына 8-9 миң теңгеге иштеп жүрдүм. Апам менен карындашыма дагы жардам берип турчумун. Көп жыл мал кайтарып жүрүп, бирок кыргыз көргөн жокмун. Бутумду трактор тебелеп кеткенде документим жоктугунан ооруканага кабыл алышкан жок. Өзүмдүн заарам менен гана бутумду айыктырдым. Ошондон кийин 4 ай иштебей үйдө жатып, ушул жылдын башында гана Баатыр деген кыргыз байкеге жолугуп калып, ага арманымды айттым. Анын жардамы менен өз өлкөмө келдик», - деди Таабалды.

Таабалды менен апасы 2017-жылдын 19-апрелинде Кыргызстанга келишкен. Ал эми бир тууган карындашы Айгерим июнь айында окуу аяктагандан кийин келди. 5-класска чейин Казакстанда билим алган Айгерим өгөй атасы жакшы адам экенин айтты.

«Мен тилден кыйналган жокмун. Эми кыргыз тилин үйрөнүп жатам. Казакстандагы атам мени жакшы көрчү. Акча сурасам дайыма берип турчу. Азыр бул жакта окуп жатам. Курбуларыма көнүп калдым. Классташтарым мени жакшы кабыл алышты», - деген ал.

Алты саны аман кеткен жалгыз бой эненин учурда ден соолугу жакшы эмес. Таабалды да кекечтенип сүйлөйт. Өзүнүн атасы алар келерден 4-5 ай мурун көз жумганын кошумчалады.

Жер тилке алып, үй курууну каалаган Таабалды атасынын үйүнө барса туугандары жакшы кабыл алган эмес. «Жер алуу үчүн атама бардым. Бирок атамдын көзү өтүп кеткен экен. Туугандарым мени жакшы кабыл алышкан жок», - деп кошумчалады Таабалды.

Таабалдынын бөлөсү Нурсултан Кудайберди уулу таежесин издеп, «Кайдасың?», «Жди меня» телеберүүлөрүнө чейин кайрылып, бирок таба албаганын билдирди.

«Таежемди алып кеткен адам алардын дарегин айтпай келген. Кийин милиция кызматкери менен барганда гана казак кишиге турмушка чыкканын айтып, өгөй балдарынын телефон номурун таап берди. Андан кийин биз телефон менен сүйлөшүп жүрдүк. Быйыл кыргызстандык Баатыр байкенин жардамы менен суу бойлоп, 4 күн дегенде качып келишти. Документтери жоктугунан дарыяны кечип өтүүгө мажбур болушкан. Камила таежем сууга агып кетип, бир өлүмдөн калыптыр. Ал эми, кызы 2 айдан кийин Жогорку Кеңештин депутаты, Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жардамы менен алынып келди. Учурда таежем менен бөлөмө паспорт алып бердик. Айыл өкмөт азырынча жер тилке жок экенин билдирди», - деген Нурсултан.

Таабалды кат сабаты жоюлбай калганына нааразы эмес. Анын башкы максаты — үй куруп, апасы менен карындашын багуу.

Ал эми, бул үй-бүлөнү сызга отургузган бөлөсү Айгүлгө Ноокат ШИИБ тарабынан кылмыш иш коголуп, иш сотко өткөрүлгөн. Бирок 2017-жылдын 11-сентябрында айыл аксакалдарынын кийлигишүүсү менен арыздануучулар тосмо арыз жазганы белгилүү болгон эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×