Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ош облусу, Ош 26.09.2018 12:05 На русском

Ошто чет өлкөлүк студент 7 миң долларын тоноп кетишкенин айтууда

Turmush -  Ош шаарындагы жогорку окуу жайда билим алып жаткан чет өлкөлүк студент тонолгонун айтып арызданууда. Ал арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылганын Ош ШИИБден билдиришти.

Окуя 25-сентябрда саат 10:15 чамасында Ош шаарындагы Жим көчөсү менен И.Раззаков көчөсүнүн кесилишинде болгон. Маалыматта айтылгандай, бейтааныш адамдар 1992-жылы туулган Б.Чубаханды тоноп кетишкен. Ал эми жабырлануучунун көрсөтмөсүнө ылайык, анын жанында студенттерден чогултулган 7 миң доллар акчасы болгон.

Учурда жабырлануучунун жазган арызы боюнча тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле анын көрсөтмөсү да текшерилүүдө.

Кийинчерээк бул окуя боюнча жаңы жагдайлар белгилүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×