Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусу, Ноокат 26.09.2018 14:37

Ноокат шаарында базардын ичиндеги эски суу түтүктөр жаңыртылды

Turmush -  Ноокат шаарындагы базардын ичинен өткөн 100 метр аралыктагы суу түтүктөрү алмаштырылып бүттү. Бул иштер 24-сентябрда башталып, эки күн аралыгында бүткөрүлгөнүн Ноокат соода борбор кооперативинин башчысы Равшан Орозалиев кабарлады.

Бул суу түтүктөрү 1960-жылдары орнотулган болчу.

«5-6 жыл мурда суу түтүктөрдүн теңи алмаштырылган болчу. Кийин суу түтүктөрүнүн бириккен жерлери чирип, суу чыга баштаган. Бул суу түтүктөр аркылуу базар ичиндеги ашканаларга, шаардагы 100 кубдук суу сактагычка суу барат. Буга байланыштуу базардын ичинен өткөн суу түтүктөрү жаңыланды.

Жалпысынан суу түтүгүн 33 миң сомго сатып алдык. Ал эми башка чыгашалар эсептеле элек», - деди Равшан Орозалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×