Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 26.09.2018 15:15 Жаңыланды: 26.09.2018 16:22 На русском

7 миң доллар. Ошто чет өлкөлүк студент тонолгондон кийин эс-учун жоготкон (видео)

Turmush -  Буга чейин Ош шаарынын милициясына тонолгонун айтып арызданган чет өлкөлүк студентке байланыштуу тактоо иштери улантылып жатат. Кийинчерээк аны тоногондор башка чаап, эс-учун жоготконун айтты.

Кечээ, 25-сентябрь күнү саат 10:30 чамасында тонолгонун айткан Чаухан Бхавеш Пакистандан Ошко келип, медициналык факультетте билим алып жатат. Окуядан бир нече саат өткөндөн кийин ал Ош шаардык травматологиялык бөлүмгө кайрылган.

Чаухан Бхавеш

Ал эми Ош ШИИБдин расмий маалыматы боюнча, кечээ саат 10:15 чамасында Жим көчөсү менен И.Раззаков көчөсүнүн кесилишинде бейтааныш адамдар 1992-жылы туулган Чаухан Бхавеш аттуу студентти тоноп кетишкен.

«Жабырлануучунун көрсөтмөсүнө ылайык, анын жанында студенттерден чогултулган 7 миң доллар акчасы болгон. Учурда жабырлануучунун жазган арызы боюнча тиешелүү оперативдүү иликтөө иштери жүрүп жатат. Ошол эле убакта анын көрсөтмөсү да текшерилүүдө», - деди Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Ош шаардык ооруканасынын травматологиялык бөлүмүнүн дарыгери Жолборс Жээнбаевдин билдиргенине караганда, пакистандык студент саат 16:30да ооруканага кайрылган.

«Кечээ, 25-сентябрь күнү саат 16:30-17:00 чамасында кайрылды. Биз ал жигитти текшердик. Аны палатага бир суткага жаткырып койгонбуз. Бирок биз үйгө кеткенден кийин өз алдынча үйүнө кетип калыптыр. Бүгүн кайра келиптир, "ооруканага жатасыңбы?" деп сурасам, баш тартты. Бул жигиттин мээси чайкалган», - деди Ж.Жээнбаев.

Чаухан Бхавештин айтымында, банктын унаа токтоочу жайынан алыс эмес жерден аны белгисиз адамдар токтотушкан. Алар милиция кызматкери экенин айтышып, унаага отурууну суранышкан.

«Алгач алар мени жолдон токтотушту. Бирөөсү "биз милиция кызматкерибиз, паспортуңду көрсөт" деп айтышты. Паспортумду көрсөтсөм "унаада жетекчибиз бар, ошол көрөт, унаага отур" дешти. Мен унаага отура электе артымдан башыма бирөөсү урду, андан ары эмне болгонун билген жокмун. Ойгонсом мага тааныш эмес жерде жатыптырмын. Ал жактан мени досум алып кетти», - деди пакистандык жаран.

Ал окуган жогорку окуу жайдын эл аралык медицина факультетинин ординатура бөлүмүнүн деканы Гүл Момунованын айтымында, Пакистандан келген студенттердин тонолгону биринчи жолу болуп жатат.

«Бхавеш 6 жыл окуп, биздин эл аралык медицина факультетин бүтүргөн. 6-курстан кийин ординатурага тапшырган. Азыркы учурда 2-курстун ординатору. Биздин окуу жайдын медициналык клиникасында катталган. Ошол жерде ординатурасын терапия адистиги боюнча өтөп жүрөт. Буга чейин мындай факты катталган эмес. Бул жигит тартиптүү жигит. Сабактарга дайыма келет», - деди Г.Момунова.

Ар бир жогорку окуу жайда чет өлкөдөн келген студенттерге Кыргызстандын мыйзамдарын үйрөтүүчү юристтер бар. Ошондой юристтердин бири Сапар Татаев чет өлкөлүк студенттерге Кыргызстандын мыйзамдарын үйрөтүп эле койбостон, жергиликтүү элдин жүрүм-туруму да үйрөтүлөрүн айтты.

«Эгер биздин окуу жайга чет элдик студенттер келсе, алгач аларга Кыргызстандын мыйзамдарын үйрөтөбүз. Жаңы келгендерге айрыкча жергиликтүүлөрдүн жүрүм-турумун үйрөтүп, болушунча биздин шаарыбызга ыңгайлаштырууга аракет жасайбыз», - деди С.Татаев.

Юристтин маалыматы боюнча, чет өлкөлүк студенттердин тонолушу боюнча факты буга чейин да катталган. Бирок анда мынча чоң суммадагы акча тонолгон эмес. Ал эми пакистандык студенттин ири суммада акчасынын тонолушу чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугун сактоо боюнча маселени козгоду.

Бейрасмий маалыматтар боюнча, учурда Ош шаарында 5 миңге чукул чет өлкөлүк студенттер жогорку билим алып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×