Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 26.09.2018 17:39 Жаңыланды: 26.09.2018 18:40 На русском

Кара-Суудагы жетекчи айым чоң таенеси 1 кылым мурда жасаган туш кийизди белекке алган (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунун жашоочусу — акимдин орун басары Мехринса Жороеванын үйүндө 1 кылым мурун жасалып, сайма сайылган туш кийиз сакталып турат. Жороеванын айтымында, бул туш кийизди ага апасы берген.

«Бул туш кийиз 1913-14-жылдары жасалган экен. Кийизди чоң таенемдин жеңелери анын үйлөнүү тоюна сеп катары даярдашкан. Чоң таенем Балта 1902-жылы төрөлүп, 12 жашында турмушка чыгыптыр. Андан таянем Тажиге, андан апам Рабаханга өткөн. Ал эми апам мага берди.

Бул туш кийиз баркытка жибек менен саймаланып жасалган. Кылым мурда жасалган кийиздин жасалгасы өзүнчө эле башкача. Эми мен муну музейге тапшырайын деп жатам», - деди М.Жороева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×