Сүрөт — Кара-Суудагы жол кырсык 2 адамдын өмүрүн алды
Turmush - Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында эки унаа кагышты. Анын кесепетинен 2 адам окуя болгон жерде каза болуп, экөө ооруканага жеткирилген. Бул кырсык тууралуу маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.
Кырсык бүгүн, 26-сентябрда саат 06:11 чамасында Бишкек—Ош эл аралык автоунаа жолунун 648-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын чыга беришинде болгон. «Хонда Цивик» үлгүсүндөгү автоунааны Кара-Суу районунун 1996-жылы туулган тургуну Э.Ж. башкарып, Өзгөн району тараптан Ош шаарына бара жаткан. Ал Ош шаарынан Бишкекке карай Бишкек шаарынын 1967-жылы туулган тургуну М.А. башкарып бараткан «Форд Курьер» үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан.
Анын кесепетинен «Форд Курьер» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жана жүргүнчү — Чоң-Алай районунун 1967-жылы туулган тургуну А.А. оор жаракат алып, көп узабай көз жумушкан. Ал эми «Хонда Цивик» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу менен 2 жүргүнчүсү — Кара-Суу районунда 1996-жылы туулган жигиттер Ош облустук клиникалык ооруканасына оор абалда жеткирилди.
Учурда окуя боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.