Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 27.09.2018 09:34

Кара-Сууда эки чайканадан өрт чыкты

Turmush -  Кара-Суу районунда эки чайканадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы Жийделик айылында жайгашкан «Сары-Челек» чайканасынын ашканасында 26-сентябрда саат 12:48 чамасында өрт чыгып, анда 1 плита күйгөн.

Ошондой эле ушул эле күнү саат 20:30 чамасында Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын Ынтымак айылында жайгашкан «Аскар» чайканасынан өрт чыгып, анын жер төлөсүнүн 24 чарчы метр аянты, 4 стол, 6 отургуч жана 1 метр куб отун күйгөн. Өрттүн себептери такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×