Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 27.09.2018 21:18 Жаңыланды: 27.09.2018 21:35

Жогорку билим алгандан кийин бийге кайткан Алтынайдын окуучулары уктап калып, бир күн бою учак күтүшкөн

Turmush -  Ош шаарынын тургуну Алтынай Осмоналиева 25 жашынан тарта, тактап айтканда 6 жылдан бери балдарга бий үйрөтүү менен алек. Ошто профессионалдык балет жок болгону менен, ийрим катары балдарды балетке да даярдайт. Балетти үйрөнүүнүн эрте-кечи жок деген Алтынай Осмоналиева 18 жаштан жогоркуларга да балет үйрөтөт.

«Менин негизги кесибим программист болгону менен дипломду колдонбодум. 6-классымдан баштап бийге катышканымданбы, айтор бий мени өзүнө тартып туруп алды. Жогорку окуу жайды аяктап, турмушка чыгып, балалуу болгондон кийин гана Бишкектеги Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинде билим алып баштагам. 1 жаштагы кызым менен барып бийлечүмүн.

Профессионалдуу балетти үйрөнбөсөм да, негизги эрежелерди өздөштүрдүм»,- деди А.Осмоналиева.

Балет ийримине адатта 6 жаштан жогорку балдар катышат. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыздарын балетке бергендер көбөйүп, учурда 4 тайпадагы 80 балага бий үйрөтүүдө.

«Кыздарды ийкемдүүлүгүнө, музыкага болгон жөндөмдүүлүгүнө карап тандайбыз. Толук кыздардын айрымдары өзүн жеңил кармап, ийкемдүү келишет. Бирок бийде келбет дагы роль ойногондуктан, бир формадагы кыздарды алабыз. Эркек балдардан бир-экөө келип, бирок чыдабай кетишкен.

Окуучуларымды тарбиялоодо пунктуалдуу болууга, жоопкерчиликке үйрөтөм, урушпайм да, эркелетпейм да. Бирок эки окуучум урушса, кийинкилерге сабак болушу үчүн экөөнү тең ийримден чыгарам. Бири-бирин сыйлаганга үйрөтөм. Анткени бийде жалпысы бир адамдай кыймылдабаса анда бий болбой калат. Ал эми балетти уланткандар дээрлик жокко эсе. Себеби, ата-энелер кыздарын бош калбасын деп эле ийримге алып келишет», - деп кошумчалады.

Алтынай Осмоналиеванын бийчи кыздары Ысык-Көл, Бишкекте өткөн сынактарда жеңүүчү болуп, көбүнчө Түркия өлкөсүнө барышат.

«Сынакка катышуудан мурда кыздардын психологиясын даярдайм. Жыгылып калсаңар туруп уланта бергиле, кийимиңер бир нерсе болсо да маани бербей бийлей бергиле, сахнада ыйлабагыла деп чыгарабыз. Бирок жаш балдардын бийдеги адашуусу күлкү менен эле жабылып кетет.

Ал эми сынактарга көбүнчө ата-энелердин каржылоосу менен барабыз. Бир ирет Бишкектеги сынакка ата-энелердин бирөөсүн 7-8 балага башчы кылып жибергем. Балдар менен чет жерге чыгуу канчалык кыйын экенин көрүп келген. Өзүм дагы бир тайпа менен Түркияга кеттим. Бишкекке кеткен кыздар ал жактагы сынакка катышып, эртеси Ошко кайтышмак. Балдар да, ата-эне да уктап калып, бир күн мурда сүйлөшкөн таксист да кечигип калыптыр. Ойгонгондо баары ызылдап, такси менен аэропортко жөнөшөт. Таксист дагы поезд өтүүчү жол жакка түшүп алып, поезд өтүп кеткенге чейин ал жерде кармалып калышыптыр. Аэропортко келишсе учак учуп кеткен болот. Балдардын ата-энелери мага Түркияга чейин телефон чалышып, ызы-чуу болушту. Ал эми балдар аэропортто ачка… Акырында кечки каттам менен Ошко учуп келишкен», - деп эскерди.

Анын айтымында, бий ийримине катышкан кыздар басканы, жумшак сүйлөгөнү менен айырмаланып турушат.

«Бий мен үчүн жан дүйнө кыйкырыгын жеткире турган аалам. Бийдин бир эле элементин күндө кайталабай, өнүктүрүп туруу зарыл», - деп кошумчалады Алтынай Осмоналиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×