Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 27.09.2018 14:58 На русском

80 жаштагы Ашим апа тилемчилик менен каражат табат. Неберелерине үй куруп койгон (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарындагы Озгур айылынын Дача тилкесинде жашаган 80 жаштагы Ашим Анарбаева тилемчилик аркылуу каражат табат. Бул ишке өзү да көнүп калган.

Анын дүкөндүн босогосунда жаткан учурда тартылган сүрөтү социалдык тармактарда талкууга алынып, карылар үйүнө жайгаштыруу боюнча сунуштар айтылып жаткан эле.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, Ашим апа карылар үйүнө баруудан баш тарткан болчу. Ал тилемчилик менен жетиштүү каражат тапканын айткан.

Бүгүн, 27-сентябрда анын сүрөтү тарагандан кийин Ош шаардык мэриясынан, социалдык өнүгүү башкармалыгынан адистер барып, Ашим ападан кабар алышты.

«Биздин кызматкерлер эненин абалы менен таанышып келишти. Ал буга чейин эмгек, социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан каттоого алынган. Аны карылар үйүнө жайгаштырууну сунуштаганда баш тарткан экен. Бүгүн дагы карылар үйүнө барбай турганын билдирди. Биздин кызматкерлер аны мажбурлап карылар үйүнө алып бара албайт. Эненин ден соолугу чың, жума күндөрү мечиттин алдында тилемчилик кылат экен. Учурда шейшемби жана жума күндөрү тилемчилик кылууга чыгат. Атайын такси келип, үйүнөн алып кетип, кайра үйүнө жеткирип коёт. Эненин уулу кайтыш болгон. Учурда уулунан калган 2 небереси бар. Алар шаардагы «Боорукердик» үйүндө тарбияланышат. Эне неберелери үчүн 1 бөлмөлүү үй да курган. Ашим Анарбаеванын үйү, туугандары да бар», - деди А.Абсаттаров.

Ал эми Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Дина Анарбаеванын айтымында, Ашим апа неберелеринен кабар алып турат. Ал эркин, эч кимге көз карандысыз жашаганды жактырат.

«Бул энеден биздин кызматкерлер кабар алып турат. 7-9-класста окууган эки уул небереси бар. Мамлекеттен пенсия алат (5500 сом). Көмүрдөн, медициналык жактан жардам берели десек да макул болгон жок», - деди ал.

Ашим Анарбаева 1 уул, 1 кызын чоңойткон. Жалгыз уулу көз жумса, кызы Түркмөнстанда жашаган адамга турмушка чыккан. Ал бир жыл мурун апасына жолугуп кеткен. Ал эми маркум уулунун жубайы — келини өзүнчө жашайт. Ашим Анарбаева бир тууган инисинин жардамынан да баш тарткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×