Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусу, Ош 27.09.2018 18:12 На русском

Ошто таң эрте сууга агып бараткан аялды милиция кызматкерлери куткарып калышты (сүрөт)

Turmush -  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура бѳлүмүнүн кызматкерлери адам ѳмүрүн сактап калышты. ШИИБдин маалыматы боюнча, окуя бүгүн, 27-сентябрда саат 05.00 чамасында болгон.

Ыкчам топ — тергѳѳчү Тазагүл Сатарова, криминалдык милиция кызматынын кызматкери Азамат Ташболотов, эксперт-криминалист Алмамат уулу Бурхан жана айдоочу Сооронбой Бадамов таң эрте кезектеги чакыруудан кайтып келе жатышкан. Алар А.Масалиев проспектисиндеги каналды бойлоп келе жаткан адамдын карааны кѳрүнбѳй калганын байкашкан. Дароо автоунааны токтотуп, кол чырактардын жардамы менен сууга кѳз салышып, аял киши сууга агып баратканын кѳрүшкөн.

Милиция кызматкерлери ал аялдын артынан сууга секиришип, суудан чыгарууга аракет көрүштү. Алар 100 метрден ашуун аралыкка чейин агып, тергѳѳчү Тазагүл Сатарова дагы элди жардамга чакырган. Натыйжада Ош шаардык электр тармактар ишканасынын имаратынын тушунан аккан аялды А.Масалиевдин эстелигинин тушуна жеткенде суудан алып чыгышты. Милиция кызматкерлерине окуяга күбө болгон жаран да жардам кѳрсѳткөн.

Алар биргеликте жабыркаган аялга жасалма дем алдыруу жасашып, тез жардам кызматы аркылуу Ош шаардык ооруканасына жөнөтүлдү. Учурда бул факты боюнча Ак-Буура милиция бѳлүмү иликтѳѳ иштерин жүргүзүп жатат. Азырынча бул окуя кокустук же өз өмүрүнө кол салуу экени белгисиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×