Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 28.09.2018 08:31 На русском

Сүрөт — Кара-Сууда «Тойота Прадо» 6 жаштагы баланы өлтүрө сүздү. Айдоочу изделүүдө

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районунда жол тандабас 6 жаштагы баланы өлтүрө сүзүп, айдоочусу окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Бул кырсыкты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыкташты.

Маалым болгондой, 27-сентябрда саат 18:50 чамасында Бишкек—Ош эл аралык маанидеги автоунаа жолунун 649-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл аймагынын Кара-Дөбө айылында белгисиз айдоочу башкарган «Тойота Прадо» үлгүсүндөгү унаа 2012-жылы туулган А.Н.ны сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу бала оор жаракат алып, Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасына жетпей каза болгон. Айрым маалыматтарга караганда, баланын ичи жарылып кеткен. Ал Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө айылынын тургуну болчу. Ал эми аталган жол тандабас Ош шаарынан Өзгөн шаарын көздөй бара жаткан.

«Тойота Прадонун» айдоочусун колго түшүрүү үчүн Ош ОИИБдин жана Кара-Суу РИИБдин ыкчам кызматынын жана ЖКККБнын кызматкерлери ыкчам издөө аракеттерин жүргүзүп, Ош облусунун аймагында «Курчоо» планы жарыяланды. Ошондой эле шаар жана райондордун кире бериш жана чыга бериш жерлеринде посттор коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×