Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 28.09.2018 10:06

Мургабдык кыргыздар жер тилкелерин 5 жылдык соттошуудан кийин кайтарып алышты

Turmush -  Мургабдык этникалык кыргыздар башкаларга мыйзамсыз берилди деп айтып келишкен жер тилкелерин кайтарып алышты. Бул тууралуу этникалык кыргыздардын бири Акжол Кудайбердиев кабарчыга билдирди.

Мургабдык кыргыздар үчүн 2013-жылы Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнөн 80 адамга 8 гектар жер бөлүнгөн эле. Бирок 45 адамга гана жер берилип, 35 адамдын жери Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жашоочуларына мыйзамсыз берилип кеткен. Мындан улам жерсиз калган этникалык кыргыздар арыз жазып, иш Ош облустук сотто, райондор аралык сотто, Жогорку сотто да каралды.

«Жогорку сот чечимди биздин пайдабызга чыгарып берди. 2013-жылдан бери соттошуп жатып, быйыл жерге ээ болдук. Учурда 35 адамдын ичинен 21 адамдын ар бирине 6 сотых жер берилди. 4-октябрь күнү 14 адамга жер берилет. Биз жерибиздин чегин аныктап, казык кагып келдик», - деди А.Кудайбердиев.

--------------------------------------------------------

Жер алып, турак үй курууну кыялданган мургабдыктар бул маселени буга чейин бир нече ирет көтөрүшкөн. Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун Мургаб районунан көчүп келген этникалык кыргыздарга бөлүнгөн жер мыйзамсыз сатылып кеткендигине байланыштуу алардын айрымдары гараждарда күн кечирип жатканын да айтып чыгышкан эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×