Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 28.09.2018 12:52 Жаңыланды: 28.09.2018 14:16 На русском

Кара-Сууда вице-премьер А.Өмүрбекованы 2,5 саат күткөн окуучулар жыгылып кала жаздашты (сүрөт, видео)

Turmush -  Кара-Суудагы мектептин ачылыш аземинин башталышын 2,5 саат бою күткөн окуучулардын башы айланып, алар тизилип турган катардан чыгарылды. Алар 3-4-класстардын окуучулары экени маалым болду.

Окуучулар концерттик номурларга 2,5 саат мурун даярдана башташкан. Даярдык көргөндөн кийин вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баштаган делегацияны күтүп турушканда өздөрүн жаман сезишкен.

Бүгүн, 28-сентябрда Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагына караштуу Кызыл-Ордо айылында 9 жылдан бери курулушу бүтпөй келе жаткан Кызыл-Ордо орто мектеби пайдаланууга берилди. Аймактык кабарчы билдиргендей, жаңы имарат Алтынай Өмүрбекованын катышуусунда ачылып, кызыл тасмасы кесилди. Ачылыш аземге Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов, мурунку экономика министри Арзыбек Кожошев, өкмөттүн Оштогу өкүлү Узарбек Жылкыбаев да катышты.

Жаңы имараттын курулушу 2009-жылы март айында башталган. 320 орундуу мектеп эки кабаттуу болуп, спорт залы менен кошо курулду. Анын жалпы тендердик баасы 66 млн 242 миң сомду түзөт.

Ал эми эски имарат 1971-жылы курулган. Учурда мектепте 286 окуучу билим алып, 27 мугалим эмгектенүүдө.

Кийинчерээк Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Сүйүнбай Ысаков ачылыш аземге катышкан окуучу өзүн жаман сезгени тууралуу маалыматты жокко чыгарды. Анын айтымында, мектептин ачылышын жергиликтүү эл 9 жылдан берки чыдамсыздык менен күтүп жаткан.

«Бүгүн 320 орундуу мектептин ачылышы болду. Ачылыш азем саат 11:30да башталып, жарым саатка гана созулду. Ал жерде медицина кызматкерлери да бар эле. Эгер окуучу жыгылып, өзүн жаман сезсе, жеринде жардам көрсөтүлмөк. Мындай окуя болгон жок. Мындан сырткары, ачылыш аземге 5-класстан жогорку окуучулар катышты», - деди С.Ысаков.

Ал эми Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эсенгул уулу Чыңгыз билдиргендей, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова мектептин ачылышы боло турган иш-чарага 40 мүнөт эрте барган.

Анын айтымында, иш-чаранын башталышы саат 12:00гө белгиленген, бирок вице-премьер-министр ал жерге саат 11:20да барган.

«Балдар саат 11:15те тизилип башташты. Мектептин директорунун айтымында, окуучулар тарабынан ден соолугунун абалы боюнча эч кандай даттануу болгон эмес. Алар ойноп жатышып, көлөкөдө туруп турууну өтүнгөндө уруксат берилген», - деди ал.

Кийинчерээк бул окуяга байланыштуу Алтынай Өмүрбекова дагы билдирүү таратты.

Анда: «Жаңы мектептин ачылышына байланышкан иш-чараны баштоо саат 12:00гө пландалган. Биз саат 11:20да барып, 10 мүнөттөн кийин — саат 11:30да иш-чара башталды. Албетте, окуучуларды тизип коюуга эч ким буйрук берген эмес. Ал айылдагы мектеп 10 жылдан бери курулуп жаткандыктан, эл көптөн бери күткөн иш-чара болчу. Мындай иш-чараларга балдарды пайдаланууга тыюу салабыз», - деп айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×