Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 28.09.2018 16:51

Кара-Сөгөт айылында 1,5 млн сомго таза суу чыгарылды

Turmush -  Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагына караштуу Кара-Сөгөт айылына 1 млн 465 миң сомго 14 чакырымдан таза суу тартылды. Катта-Талдык айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, анын жыйынтыгында Кара-Сөгөт айылынын жашоочулары таза суу менен толук камсыз болду.

Буга чейин айылдын төмөнкү жагында жашаган жашоочулар туздуу суу колдонуп келишкен.

«Бул айылга 14 км алыстан суу түтүктөрүн орнотууга 1 млн 465 миң сом акча кетти. Анын 602 миң сому Катта-Талдык айыл өкмөтүнөн, 261 миң сому эл тарабынан, 78 миң сому демөөрчүлөр тарабынан каржыланса, 542 миң 170 сому БУУ тарабынан берилди. Ошондой эле БУУнун азык-түлүк программасы тарабынан 302 кап ун, 1 тонна 700 кг тамак-аш майы берилди», - деди Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Казыбек Тажибев.

Таза сууну пайдаланууга берүү иш-чарасына мурунку экономика министри Арзыбек Кожошев, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов, Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы Кантөрө Жантөрөев жана жергиликтүү эл катышты. Учурда Кара-Сөгөт айылында 298 кожолук, 1256 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×