Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ош облусуАраван району 28.09.2018 17:45 Жаңыланды: 28.09.2018 18:02

Аман, Алия, Асия — аравандык 3 эмге ысым тандашты (видео, сүрөт)

Turmush -  Ош облустук төрөт үйүндө жарыкка келген 3 эм бир аптадан кийин перинаталдык борборго которулуп, эми үйүнө чыгарылды. Ымыркайлардын салмагы аз төрөлгөн, деп билдирди аталган борбордун башкы дарыгери Зейнеп Исраилова.

Араван районунун Төө-Моюн айылынын тургуну Гүлзада Нарматова 2 кыз, 1 уулун 5-сентябрда төрөгөн. Бүгүн, 28-сентябрда 3 эмге өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан 15 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөтүлдү.

«Ымыркай кыздардын бири 1 кг 445 гр, экинчиси 1 кг 925 гр салмакта төрөлгөн. Ал эми уулунун салмагы 1 кг 275 гр болгон. Бул ымыркайлардын салмагы нормага жетпегендиктен Ош облустук төрөт үйүндө бир апта жаткырылып, андан биздин перинаталдык борборго которулду. Уулунун өпкөсү жакшы жетилбегендиктен кыйналып дем алып жаткан. Биздин ооруканада 15 күн жатышты. Учурда 3 эмдин абалы жакшы болгондуктан, үйүнө чыгарып жатабыз», - деди Зейнеп Исраилова.

3 эмдин ата-энеси Нурлан Тажимаматов менен Гүлзада Нармаматованын улуу баласы Атабек 4-класста, кызы Айкыз 2-класста билим алса, үчүнчүсү Алибек 3 жашта. Ал эми 3 эмге Аман, Алия, Асия аттуу ысымдарды ыйгарышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×