Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ош облусу, Ош 28.09.2018 19:23 На русском

Айрым жарандар папандыктардын тынч жашоосуна бүлүк салып жатат, - Папан айыл өкмөтүнүн жер адиси (сүрөт)

Turmush -  Айрым жарандар өздөрүнүн кызыкчылыгынан улам Папан айыл өкмөтүнүн жашоочуларына бүлүк салып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда АКИpress-Оштогу маалымат жыйында Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жана жер адиси айтышты.

Буга чейин жактоочу Айсалкын Карабаева АКИpress-Бишкектеги маалымат жыйында Папан айыл өкмөтүнүн башчысы, орун басары жана жер адиси Папан айыл өкмөтүндө жашабаган эле жарандарга жер берип жаткандыгын айтып чыккан. Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Курбанбек Мияшев жактоочу айткан маалыматтар чындыкка такыр дал келбестигин билдирди.

«Папан айыл өкмөтүнүн эли менен бирге ушундай көйгөйгө туш болуп жатабыз. Жактоочу А.Карабаева маалымат жыйын өткөрүп, Папан айыл өкмөтү тарабынан 108 адамдын жерине токтом чыккандыгын такыр башка нукка бурмалап, чындыкка дал келбеген маалыматтарды билдирип чыкты. Анын айтымында, биз Жалал-Абаддын, Ноокаттын, Өзгөндүн тургундарына жер берип, папандыктарга жер бербей жатыптырбыз.

2017-жылдын 17-майында 108 адамга жер берүү боюнча токтом чыккан. Токтом 19 адамдан куралган комиссиянын корeтундусунун негизинде чыккан. Комиссиянын мүчөлүгүндө Кара-Суу райондук каттоо кызматынан, архитектурадан адамдар бар. Биз жерди эч кандай бөтөн адамга берген эмеспиз. Баары мыйзамдуу», - деди К.Мияшев.

Учурунда бул ишти президенттик комиссия да текшерип, жерлер мыйзамдуу түрдө берилген деп чечим чыгарып кетишкен. Бирок кийинчерээк аталган айыл өкмөттүн айрым жашоочулары «Президенттик комиссия айыл өкмөткө гана жолугуп, бизге жолукпай кетти» деген сөздөрдү айтышкан. Мындан улам Папан айыл өкмөтүнүн жер адиси алар өздөрүнүн кызыкчылыгынан улам гана жалган маалыматтарды таркатып жатканын айткан болчу. Бул жолу да жер адиси Койчу Эрматов мурунку сөздөрүн бышыктап, буларга токтолду.

«Жактоочу Карабаеванын "Өкмөт трансформациялаган 40 гектар жер табигый кырсыктан жабыр тарткандарга берилиши керек эле" деп айтканы жалган. 2005-жылы премьер-министр тарабынан 42 гектар суулуу жер, 6 гектар кайрак жер трансформацияланып, бүгүнкү күндө андан 5 гектар жер калып, аны 108 жаранга, Папан айыл өкмөтүнүн тургундарына гана бөлүп бергенбиз. Жактоочу Карабаева айткандай, биз өзүбүздүн мектеп жашындагы балдарыбызга, айыл өкмөттүн баласына жана туугандарына, башка райондун жарандарына жер бөлүп берген эмеспиз. Бул маалыматтын баары жалган. Ошол "папандыктарга эмес, башка райондордун тургундарына жер берилип кетти" деп айтып чыгышкан жарандардын арасында буга чейин 3-4 баласына жер алгандар бар. Алар болгону өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн гана ушул маселени көтөрүп чыгышкан», - деди К.Эрматов.

Буга чейин Папан айыл өкмөтүнүн айрым жашоочулары АКИпресс-Ошто маалымат жыйын курушуп, айыл өкмөт башчыны айыптап, «капчыктуулар гана жер алууда» деген пикирлерин билдирип чыгышкан. Арадан көп убакыт өтпөй ушул иш боюнча Ош облустук прокуратурасы текшерүүлөрдү баштаган. Кийинчерээк Папан айыл өкмөтүнүн башчысы убактылуу жумуштан бошотулгандыгы маалым болгон.

Папан айыл өкмөтүндө жалпы 18 миңге жакын калк жашайт. Алардын ичинен бүгүнкү күндө 2600гө жакын адам жер ала элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×