Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 28.09.2018 22:46 Жаңыланды: 30.09.2018 13:07 На русском

Кара-Сууда 6 жаштагы баланы «Тойота Прадо» өлтүрө сүзгөн учурдагы видео

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районунда 6 жаштагы баланы сүзүп өлтүрүп, андан соң изин жашырып, изделип жаткан «Тойота Прадонун» айдоочусу милицияга өз каалоосу менен келип, күнөөсүн мойнуна алды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, 28-сентябрда милицияга өзү келген жол тандабастын айдоочусу камакка алынып, унаасы айып пул төлөөчү жайга киргизилген. Анын көрсөтмөсүнө караганда, 6 жаштагы бала күтүүсүз жерден жолго чыга калган. Айдоочу коркконунан окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Бирок абийири тынчтык бербей, милицияга өзү келгенин айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×