Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуАлай району 30.09.2018 12:11 Жаңыланды: 01.10.2018 08:16 На русском

70 жыл бирге жашаган жубайлар: Эркебай ата кичинесинде эле Сакы апага үйлөнө турганын айтчу (сүрөт)

Turmush -  Алай районунун Будалык айыл өкмөтүндө жашаган жубайлар Эркебай Орунбаев менен Сакы Орунбаеванын турмуш курганына 70 жыл болду. Жубайлардын 5 уул, 1 кызы бар. 20 жашында үй-бүлө түптөгөн Эркебай ата быйыл 90 жашка, ал эми 18 жашында келин болгон Сакы апа 88 жашка толду.

Бактылуу карылыктын сыры жылуу сөз менен жакшы көңүлдө деген карыялар ынтымактуу жашоонун сырлары менен бөлүшүп, өткөн күндөрүн эскеришти. Эркебай ата 12 жашында мектеп босогосун аттаган.

«Мектепке чоңоюп, эс тартып калган убакта өзүмдөн улуу балдардын атына учкашып барганым эсимде. 14-15 жашымда бүт мен теңдүү балдарды көмүр кенине алып кетишкен. Кызыл-Кыядагы көмүр кенинде бир жыл иштеген соң, Сүлүктүгө алып кетишкен. Ал жерде эки жыл иштедик, жумуш оор болчу. Акырында эки-үч бала эле калып, биз да качып кеттик. Айылга келген соң бригадир болуп 6 ай иштедим. Иштеп жүргөн учурда качып келгеним билинип калып, эки жылга камалгам. Камакка алдык дегени менен кайсыл жерде иш болсо, ошол жерге алып барып иштетип жүрүштү. Бир ирет топоз жүктөгөн поездге салып коюшту. Ошондо кыш мезгили эле, түнү менен муз тоңгон вагондо калгам», - деп эскерди.

Камактан чыгып келгенде айылдык кеңеште катчы болуп, андан кийин дүкөндө иштеген.

Кичинесинде Эркебай карыянын атасы куш таптагандыктан, ал дагы жаш кезинде куш таптап, мүнүшкөр болгон. Эркебай ата арпа кырмандын жанында жүгөрү (дүмбүл) бышырып, кырманды өрттөп жиберген күндөрүн да эскерди.

«Балдар менен арпа кырмандын жанында чокко жүгөрү бышырып кеткенбиз. Эртеси келсек арпалар күйүп, жарылып, бадырак болуп калыптыр. Колу-бетибиз көө болуп, бадырак арпаларды жегенбиз», - деди Эркебай Орунбаев.

Ал эми 87 жаштагы жубайы Сакы Орунбаева 9 жашында атасыз калып, көп кыйынчылыктарды көргөн. Апасы болсо 101 жашка чыгып каза болгон.

«Атасыз калган соң чөп жыйнап, мал багып, анын сүтүн саап, машак терип, кыскасы 11-12 жашымдан тарта иштөөгө туура келди. Машак терип, аны талкан кылып жеген күндөр болгон. Чоңоюп калсак деле бири-бирибизди кубалап ойногонубузга кубанып жүрө берчү элек. Азыркы балдар ойногонду да, кубанганды да унутушту. Чөнтөгүбүзгө машак терип алып, талаадан келгенче кайра чөнтөгүбүздөн куюлуп калчу. Машакты азыркылар түшүнбөйт», - деди Сакы Орунбаева.

Жубайлар кичинесинен кошуна турушуп, бири-бирин жакшы билишкен. Эркебай ата кичинесинен эле ушул кызга үйлөнөм деп жүрүп үйлөнгөнүн айтты.

«Биздин бактылуулугубуздун сыры — эч качан бири-бирибизге катуу сүйлөбөдүк жана ар дайым колдоп турдук. Мен кемпиримди сөгө албайт элем, ал эч кимди каргай албайт. Үйүбүздөн конок, тууган үзүлчү эмес. Кемпирим бир да кабагым-кашым дебеди.

Балдарды тарбиялоодо баланын кызыкчылыгына, жөндөмүнө карап мамиле кылам. Болоор бала кичинесинен эле билинет. Эмнеге кызыкса ошол тарабын өстүрүп, колунан келбеген ишке жумшабаш керек. Бир балам айдоочулук күбөлүк алам деп жаткан жеринен, “сен унаа менен авария болосуң” деп алып бербей койгом. Себеби, ал балам аябай тентек эле, үйгө келген адамдардын унааларын айдап качып кетчү», - деди Эркебай ата.

Учурда жубайлар 42 небере, 63 чөбөрөлүү болушту. Кичүү келини менен 40 жыл жашаган Сакы Орунбаева келиндерге жасаган мамилесин да айтып берди.

«Келинге катуу айтсаң сенин айтканыңды кылбай, бара-бара көк бет болуп калат. Барам деген тарабына жөнөтүп, алам дегенин алып бериш керек. Келиндериме билгенимди үйрөтүп, акылымды гана айтып турам», - деп кошумчалады Сакы апа.

Сүрөттөр үй-бүлөлүк архивден алынды:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×