Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 29.09.2018 13:02

Кара-Суудагы шахтанын ичинде күйгөн көмүрдүн түтүнү каптап, көлчүк да пайда болду

Turmush -  Кара-Суу районунун Кожокелен айылындагы көмүр шахтанын ичиндеги көмүр күйүп, анын түтүнү аймакты каптап жатат. Ошондой эле шахтанын ичинен суу чыгып, көлмө пайда болгону жергиликтүү элге зыянын тийгизүүдө.

Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу райондук аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Рысбек Юсуповдун айтымында, аталган көмүр шахта боюнча жергиликтүү тургундардан арыз түшкөн.

«Жергиликтүүлөрдүн арызы боюнча өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлү, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов жана мен барып, жергиликтүүлөр менен сүйлөштүк. Алар көмүр шахтанын ичинде көп жылдардан бери күйүп турган көмүрдүн түтүнү жергиликтүүлөргө зыяны тийип жатканын, ошондой эле шахтанын ичинен суу чыгып, көлмө пайда болгонун, ага мал-жандыктар түшүп кетип, зыянга учурап жатканын айтышты. Эл ушул маселени чечип берүүнү суранышкан. Мындан улам биз шахтаны иштеткен компанияга жана кытай ишкерлерине аталган маселе боюнча кат жөнөткөнбүз», - деди Р.Юсупов.

Ал кошумчалагандай, бүгүнкү күндө көмүр шахтаны иштетип жаткан кытай ишкерлери көмүрдүн чокторун сыртка алып чыгып, өчүрүп жатышат. Ошондой эле шахтанын ичиндеги көлмөнү жок кылуу аракеттери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×