Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 01.10.2018 09:51 На русском

Кара-суулук өспүрүм балбан Азербайжанда алтын медаль тагынды (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарында жашаган Билол Шарип уулу эркин күрөш боюнча Азербайжанда өткөн эл аралык мелдешке жолдомо алган. Мелдештердин жыйынтыгында ал 36 кг салмакта 1-орунду багындырды.

Райондук спорт комитетинен билдиришкендей, аталган эл аралык мелдешке бир нече мамлекеттен 400дөй өспүрүм спортчу катышкан.

«Азербайжанда өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш болуп, ага Кара-Суу шаарынан Билол Шарип уулу менен машыктыруучусу Маруфжан Турдуев катышып келди. Биздин жаш спортчу 5 жолу килем үстүнө чыгып, беш жолу тең жеңүүчү болуп, 1-орунду ээледи», - деди Кара-Суу районунун спорт комитетинин төрагасы Заирбек Эшмаматов.

Билол Шарип уулу учурда 12 жашта. Мелдеш 28-сентябрдан 30-сентябрга чейин өтүп, ага Украина, Дагестан, Иран, Грузия, Казакстан, Азербайжан жана Кыргызстандан жолдомо алган спортчулар катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×