Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусу, Ош 01.10.2018 10:49 Жаңыланды: 01.10.2018 11:06 На русском

Ош шаарында мамлекеттик батирлер мыйзамсыз берилгени аныкталды, - УКМК

Turmush -  Ош шаардык мэриясындагы жоопкерчиликтүү кызматтардагы адамдар жана турак жай комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга мыйзамсыз батир берүү фактылары аныкталды. Мурда козголгон кылмыш иштин алкагындагы текшерүү иштерин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда УКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2017-жылы Ош шаардык мэриясынын токтому менен Анар кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн 66 батир ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилген. Ал эми текшерүүнүн жүрүшүндө анын ичинен 8 адам кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу тууралуу жасалма документ колдонгону ачыкка чыкты. Ошондой эле 32 адам батир алганга чейин Ош, Жалал-Абад облустарынын аймактарында жана Бишкек шаарында жашап келишкен.

Андан тышкары 3-топтогу майып жаран катары катталган 9 адам батирди мыйзамсыз алган. Ал эми Турак жай кодексиндеги 44-беренеге ылайык мамлекеттик батирлер 1-2-топтогу майып жарандарга кезексиз берилиши керек болчу.

Бул фактылар боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 304-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан аша чабуу) жана 315-берененин 2-бөлүмү (кызматтык жасалмалуулук) менен кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×