Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 01.10.2018 15:38 На русском

Ошто студент кызды унаа сүзүп кетти (видео)

Turmush -  Ош шаарынын А.Навои көчөсү менен Өзгөн көчөсүнүн кесилишинде жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан студентти автоунаа сүзүп кетти. Күбөлөрдүн айтымында, унаа катуу ылдамдыкта келе жаткан жана айдоочу медицина кызматкерлерине тиешелүү кийим кийип жүргөн.

Окуя бүгүн, 1-октябрда саат 12:30 чамасында болду. Катуу ылдамдыктагы унаа кызды сүзүп, жабырлануучу жолдун тең ортосунан бөлүп турган темир тосмого урунган. Окуядан кийин айдоочу кызды унаасына салып, ооруканага жеткирди. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×