Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 01.10.2018 19:40 На русском

Чоң-Алайда 4 миң орундуу стадион ачылды

Turmush -  Чоң-Алай районунда суу чарба башкармалыгынын административдик имараты менен 4 миң орундуу стадион пайдаланууга берилип, бүгүн, 1-октябрда кызыл тасмасы кесилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ачылыш аземге өкмөттүн Оштогу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Чоң-Алай районунун акими Жумадилла Жапаров, жергиликтүү тургундар катышты.

Маалым болгондой, суу чарба башкармалыгынын имараты жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келип, 2017- жылы жаңы имараттын курулушу башталган. Курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык баасы 8 млн 954 миң сомду түзгөн. Бирок курулуш 4 млн 951 миң 94 сомго бүткөрүлүп, каражат үнөмдөлдү.

Ошону менен катар Дароот-Коргон айылында райондогу эң чоң 4 миң орундуу стадион курулган. Стадион Өнүктүрүү фонду тарабынан курулуп, жалпы 14 млн 700 миң сом сарпталды. Курулуш иштери 2017-жылы сентябрь айында башталган эле.

Бүгүн стадиондун ачылышына карата түрдүү тамак-аштардын жармаңкеси, спорттук оюндар да уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×