Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусу, Ош 02.10.2018 09:20

Ош шаардык архив кызматына 40 жыл. Жаңы имаратта өрт коопсуздугу сакталган эмес

Turmush -  Ош шаардык мамлекеттик архив кызматынын түзүлгөнүнө 40 жыл толду. Шаардык архив кызматы жаңы имарат менен камсыз болгону менен өрт коопсуздук чаралары каралган эмес.

Ош шаардык мамлекеттик архив кызматынын директору Токтомамат Жакыпбаевдин айтымында, документтер, иш-кагаздар +19 градус температурада сакталышы керек.

«Бул архив кызматы биринчи облустук комитеттин катчысынын үйү болгон. 2012-жылы Ош—Жалал-Абад дирекциясы тарабынан жаңы имарат курулуп берилген. Бул жерде Ош шаарында иштегендердин документтери сакталат. Мисалы, жеке курамдык документтер, айлык акы тууралуу маалыматтар, иш кагаздар. Ал эми түбөлүктүү документтер облустук архивдин базасында сакталуу», - деди Т.Жакыпбаев.

Ал 2012-жылдан бери архив кызматынын имаратындагы өрт коопсуздугу боюнча долбоорун түзүп, тиешелүү органдарга кайрылуу жасап жатканын кошумчалады. Ошондой эле документтерди бирдей температурада сактоо шарттары да көзөмөлгө алынган эмес.

«Документтерди атайын белгиленген температурада сактоо зарыл. Бизде кагаздар сакталгандыктан өрт коопсуздугу биринчи орунда болушу кажет. Мындан сырткары курт-кумурскалардан жана жегич заттардан коргоо абзел. Жаңы имарат курулуп жаткан учурда өрт коопсуздугу каралбай калган. Мен бул маселе боюнча тиешелүү жерлерге кайрылып келем. Бирок тилекке каршы жыйынтык чыга элек», - деди Т.Жакыпбаев.

Ош шаардык архив кызматы 1978-жылы уюшулган. Азыркы учурда жалпысынан 17 кызматкер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×