Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 02.10.2018 10:22 На русском

Кара-Сууда айыл өкмөт башчы менен жер адис кармалды

Turmush -  Кара-Суу районундагы айыл өкмөттүн башчысы менен жер адиси Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү тарабынан кармалганы айтылууда.

Булактар аркылуу маалым болгондой, бир нече күн мурун 10 адамга жер тилке берүү боюнча токтомго мыйзамсыз кол коюлган. Айрым маалыматтар боюнча, айыл өкмөт башчысы учурда оорукананын кардиология бөлүмүндө жатат.

Ал эми Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов айыл өкмөт башчынын кармалганы боюнча маалымат укканын, бирок кат жүзүндө расмий билдирүү көрбөгөнүн айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×