Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 02.10.2018 13:11 Жаңыланды: 02.10.2018 14:39 На русском

Сүрөт — 5 баланы өстүргөн Ражап атанын жашоосу 6 жылдан бери гаражда өтүп жатат

Turmush -  Ражап ата Ош шаарындагы гараждардын биринде 6 жылдан бери күн кечирип келет. 80 жашка чыккандан тарта гаражда жашоого аргасыз болгон карыя балдар үйүндө чоңойгондуктан карылар үйүнө баргысы келбейт.

Аны 3 жыл мурун унаа сүзүп кетип, ошол учурдан бери аксап калды. Ражап атанын учурдагы абалын аймактык кабарчы көрүп кайткан.

«Мен 1932-жылы 10-майда Тажикстандын Бадахшан автономдук облусундагы Мургаб районуна караштуу Ыраң-Көл айылында туулгам. 10 жашка чыкканда ата-энем каза болуп, жетим балдар үйүндө чоңойдум. Мургабдагы үйүмдү сатып, 2012-жылы Ошко көчүп келгем. Оштон эки гараж сатып алгам. Ошол жылдан баштап ушул гаражда жалгыз жашап келем. Учурда 86 жашка чыгып калдым», - деди Р.Абдыкааров.

Өзүнүн айтымында, жаш кезинде жетекчилик кызматтарда да иштеген.

«Жаш кезимде Чоң-Алайда жол тейлөө кызматында эки жыл инженер болгом. 8 жыл жол тейлөө ишканасынын башчысы болдум. Кудай турмуштан жолумду оң кылган жок. Канча аракет кылбайын кудай мага бала бербеди. Балдарым токтобой, бала жытын жыттабай өттүм. Кийин беш балалуу (2 уул, 3 кыз) аялга үйлөндүм. Аларга ата ордуна ата болуп, өстүрүп, окутуп, үйлүү-жайлуу кылдым. Аялым каза болгондон кийин бирөөсү да кабар алган жок. Каякта, кантип жүрүшкөнүнөн кабарым жок», - деди Р.Абдыкааров.

Ражап ата жол тейлөө тармагында бирге эмгектенген устаты кызына үйлөнүүнү сунуш кылганда баш тартканын да эскерди.

«Мага устатым кызымдын бирөөсүнө үйлөн деп эки кызын көрсөткөн. Ошол күнү атам түшүмдө таарынып калган экен. Мен устатымдын кыздарына үйлөнбөй баса бергем. Ошондон кийин турмушум жакшы болбоду. Мындан улам кудай ырыскымды берип жатса албаптырмын деп өкүнүп жүрөм», - деп кошумчалады.

Turmush басылмасынын кабарчысы Ражап ата менен мындан 2 жыл мурун да маектешкен эле. Андан бери атанын жашоосу өзгөрө элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×