Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 02.10.2018 13:36 Жаңыланды: 02.10.2018 14:56 На русском

Өзгөндө жөө аялды унаа сүзүп өлтүрдү

Turmush -  Өзгөн районунда 40 жаштар чамасындагы аял кишини унаасы менен сүзүп өлтүрүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, окуя кечээ, 1-октябрда саат 22:00 чамасында Бишкек—Ош эл аралык маанидеги унаа жолдун 632-чакырымында болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жолдун түндүк тарабынан түштүк тарапка бара жаткан унаа маркумду жөө жүргүнчүлөрдүн өтмөгүнөн өтүп бара жатканда сүзгөн. Оор жаракат алган жүргүнчү аял көп узабай окуя болгон жерде көз жумган.

авария

Бул кырсык боюнча ыкчам иликтөө жүргүзгөн Өзгөн РИИБ менен Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлер шектүү айдоочуну колго түшүрүштү. Шектүү — Өзгөн районунун 1971-жылы туулган тургуну Н.М. «Тойота Харриер» унаасын башкарып жүргөнү аныкталган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, Өзгөн РИИБ тергөө иштерин баштады. Азырынча маркумдун өздүгү тактала элек. Айдоочуга карата баш коргоо чарасы каралып жатат.

Авария

авария

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×