Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусу, Ош 03.10.2018 14:32 Жаңыланды: 03.10.2018 17:51 На русском

Айыл турмушу: Жаанбай Турсункуловду гүл өстүргөн ишканалар талашып баштаганда жетекчи менен бирдей эмгек акы алып калган

Turmush -  Ош шаарында алгачкы мажүрүм талын тиккен Жаанбай Турсункулов 43 жылдан бери Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатында эмгектенип келет. Кесиби боюнча агроном мырза учурда 2 миллиондой гүл менен шаарды кооздоо иштерине салым кошууда.

Гүлдөр жүрөгү таза адамдын колунан гана гүлдөйт деген пикирин анын жумушу менен таанышкан аймактык кабарчыга билдирген.

«Технологиялык институтту аяктагандан кийин Садык Аблесов (ошол убактагы облустук коммуналдык чарбанын башчысы) кыргыз жигиттеринен да гүл өстүрүүнүн чеберин чыгаргысы келгенин айтып калды. Үрөнчү болуп 160 сом эң көп айлык менен 5-6 ай иштеп турдум. Андан соң Бишкекке республикалык көрктөндүрүү чарбасына окууга бардым. Ал жердеги орус аял: “Сен техник болсоң, кантип гүл өстүрмөк элең? Сени ким жиберди?" деп уруша кетти. Мен жаш экенимди, бул кызмат жакса иштей турганымды түшүндүрүп айттым. Ага чейин китепканадан гүл боюнча китептерди окуп, бир калың дептерге конспект кылып даярданып алган болчумун. Ал орус аял менен кийин мамилебиз жакшы болуп кетти.

Окуудан кайтканымда миң түп нарцисс, миң түп жоогазын берип, 8-мартка карата Ош шаарын дагы гүлдөт деп айтканы эсимде. Бишкектен алып келген гүлдөрдү декабрда эгип, 8-мартка гүлдөтүп, көпчүлүктү таң калтыргам», - деди Жаанбай Турсункулов.

Ал эми 1976-жылы план боюнча күнөсканада гүлдүн 40 миң түп көчөтүн отургузуу керек болсо, жыйынтыгында 150 миң түп көчөт тигилип, планды ашыгы менен аткарган. Мунун жыйынтыгында гүл өстүрүү менен алектенген жеке ишканалар аны кызматташууга чакырып, талашып башташканда айлыгын 190 сомго көтөрүп, муниципалдык ишканада алып калышкан. Ал убакта жетекчи өзү 200 сом айлык алчу.

«1972-жылы Кыргызстан коммунисттер партиясынын Ош облустук комитетинин биринчи катчысы Султан Ибраимов Японияга барып келгенден кийин мажүрүм талдарды өстүрүүнү талап кылды. Он күн Андижанга каттап, мажүрүм талдын көчөттөрүн алып келип, резиденциядан бөлүнгөн 1 гектар жерге отургуздук. Алар көктөгөндө Ак-Бууранын жээктерине, эс алуу жайларына отургузганбыз. Ошондой эле драм театрдын алдындагы талдарды, кичинекей дарактарды да биз отургуздук. Ош шаарындагы имараттардын дээрлик бардык көрктөндүрүү ишинде менин колум бар. Оштун 3000 жылдыгында драм театрдын алдына “Ош-3000” деп жазып, гүлдөрдүн жардамында чайнек менен чынынын элесин түшүргөнбүз. Эң баалуу ишибиз деп ошону айта алам. Союз убагында көп мамлекеттерди көрдүм. Алардын өзгөчөлүктөрүн көрүп келген соң өкүнөсүң, аракет кыласың. Шаардын гүлдөшү шаар башчысына байланыштуу болот», - деди ал.

Агроном мырза гүлдөр чынчыл, уурдабаган, жүрөгү таза адамдын колунан жакшы өсө турганын, уругун жөн гана сээп койсо өзү өсүп калат деген пикир туура эместигин белгиледи.

«Бир гүлдү өстүрүү үчүн урукту өндүрүүгө 20-30 күн убакыт кетет. Ага кара топурак, кум, малдын кыгы салынып, нымдуулугун текшерип туруу керек. Гүлдөр биз болжогон убакка даяр болбой калган учурлар болгон. Андайда жетекчилер келип урушса, өзүңөр шартты түзүп берген эмессиңер деп айтар элем.

Мен бирөөгө жагынууну билбейм, кошоматчылыкты жек көрөм. Майрамдарда гүлдөр кымбаттайт. Ошондо сатып, акча көбөйтүп алсам да болмок. Бирок менде мамлекет деген түшүнүк жашайт.

Ал эми үч ай күнөсканада гүлдүн ар бир ачылган бүчүрүн сүйүнүп өстүрүп, көчөгө тигилгенден кийин бирөө үзүп кетсе, күйүп кетем. Мындан 5-6 жыл мурда эс алуу жайларында арак ичкендер көбөйүп, отургучтарды сындырып, гүлдөрдү уурдап кетишчү эле. Азыр адамдардын деңгээли жогорулап, маданияттуу болуп калышты. Бир ирет канн аттуу гүлдү Өзбекстандан алып келип, араң гүлдөтсөк түнү менен уурдап кетишиптир. Ошондо аябай ичим өрттөнгөн. Көптөгөн адамдар ошол гүлдү өстүрүү үчүн күнү-күнү иштеген эле», - деди агроном.

Жаанбай Турсункулов жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасында иштегендердин айлыгы аз экенине нааразы. 8 миң сом айлык алган кызматкерлер скверлерди, эс алуу жайларын жана шаарды гүлдөтүп, кооздугуна көрк кошушат.

«Өкүнгөнүм, 43 жыл шаарда иштеп жүрүп өзүмө жеке күнөскана куруу оюма келбептир. Мамлекет деп жүрө бериптирмин. Бирок мамлекет сени менен эсептешпейт экен. Бирок эмгегим калганына сүйүнөм. Неберелерим менен сейилдеп калганда бул дарактарды мен тиккем деп сыймыктануу менен айтып берем. Шаар кооз болуп турса дагы иштегим келет. Кыргызстан таза суунун өлкөсү болуп туруп, гүлдөбөсө уят», - дейт Жаанбай Турсункулов.

Учурда шаардагы 10 эс алуу жайында гүлдөрдүн 70ге жакын түрү өстүрүлөт.

66 жаштагы Жаанбай мырза 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×