Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Озгон 03.10.2018 11:35 Жаңыланды: 03.10.2018 13:28

Өзгөндөгү мавзолейди оңдоо иштеринен 1,1 млн сомду жашырып калышкан

Turmush -  Өзгөн шаарындагы мавзолейди оңдоо иштерине мамлекеттен бөлүнгөн каражат максатсыз пайдаланылганы аныкталды. Бул фактыны Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Кулжа райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери ачыкка чыгарды, деп билдирди бүгүн, 3-октябрда ведомствонун басма сөз кызматы.

Расмий маалыматта: «Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы менен “М.А.” ЖЧКнын Өзгөн шаарындагы археологиялык мавзолейди оңдоо иштерине 4 млн 597 миң сомдук суммага келишим түзгөн. Бирок текшерүү жүргүзүлгөндө аткарылган иш 1 млн сомдон ашык суммага көбөйтүлгөн факты аныкталды. Мунун кесепетинен мамлекеттик бюджетке 1 млн 131 миң сом зыян келтирилген», - деп айтылат.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат бул фактыга байланыштуу чогултулган материалдардын негизинде:

- КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 171-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу);

- 221-берене (коммерциялык уюмдун кызматчысы кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануусу);

- 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу);

- 315-берене (кызматтык жасалмалуулук) боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×