Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 03.10.2018 12:58

Быйыл өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдардан 12 адам каза болуп, чыгым 1,1 млрд сомго жетти, - ӨКМ

Turmush -  Ушул жылдын башынан бери Кыргызстандын аймагындагы өзгөчө кырдаалдардан 12 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу 2-октябрь күнү Ош шаарында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча бир айлыктын алкагындагы иш-чарада маалым болду.

Иш-чаранын негизги максаты — табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардан коргонуунун, жүрүм-турум эрежелерин калк арасында кеңири жайылтуу, өрт кырсыгын алдын алуу жана кесепетин жоюу, бул туурасында элге кеңири маалымат берүү болуп саналат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Азамат Мамбетовдун айтымында, өлкөдө 9 айда 2,5 миң өрт кырсыгы катталган.

«Жыл башынан бери жалпы 93 өзгөчө кырдаал катталып, 12 адамдын өмүрү кыйылды. Ал эми келтирилген чыгым 1 млрд 200 млн сомду түзгөн. Быйылкы тогуз айдын ичинде республика боюнча 2,5 миңден ашуун өрт кырсыктары катталган. Кырсыктан келтирилген чыгым 550 млн сомду түзүп, бул көрсөткүч өткөн жылдарга салыштырмалуу азайды. 2017-жылы мындан үч эсеге көп болгон.

Өзгөчө кырдаал учурунда керектелүүчү техникаларды толуктоо жана аларды жаңылоо иштери да жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө бизде техникалар жетиштүү деңгээде. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүнкү күндө жаңы техникаларды алуу иштерин жүргүзүүдө», - деди А.Мамбетов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×