Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 03.10.2018 14:57

Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан убактылуу бошотулду

Turmush -  Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Бөдөнов ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди. Бул маалыматты Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары Болот Дыйканбаев тастыктады.

Айрым маалыматтар боюнча, тиешелүү буйрукка мындан 2 жума мурун кол коюлган.

Баш-Дөбө айыл өкмөтүндөгү пара алуу фактысы боюнча мындан 2 жыл мурун кылмыш иши козголгон болчу. Бул иш Ош шаардык, Ош облустук сотунда каралып, азырынча акыркы чечим чыга элек. Буга байланыштуу Өзгөн райондук администрациясы тарабынан атайын комиссия түзүлүп, сот процесси аяктаганга чейин айыл өкмөт башчысын убактылуу иштен бошотуу чечими кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×