Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 03.10.2018 17:13 На русском

Жер чыры. Папандагы айрым тургундар элди экиге бөлүп жатат, - жашоочулар (видео)

Turmush -  Папан айыл өкмөтүнүн жашоочулары айрым тургундардын айынан элдин тынчтыгы бузулуп жаткандыгын айтышып, бүгүн, 3-октябрь күнү АКИпресс-Ошто маалымат жыйынга чогулушту.

Аталган айыл өкмөттүн жашоочусу Иляз Жалибаевдин айтымында, 7 адам бүтүндөй айыл өкмөттө жашаган 18 миң тургундун тынчын алып, элди экиге бөлүп жатат.

«7 гана адам айыл өкмөттүн башчысынын үстүнөн арыз жазып, иштетпей коюшту. Алардын аракеттери мыйзамсыз болууда. Биздин элге тынчтык керек. Эгер аталган адамдар жабырлануучулар болсо, эмне үчүн тергөө аларды жабырлануучу катары тааныбай жатат? Бүгүн сотко 150гө жакын папандыктар келди. Бирок аталган тургундар келген жок. Ушундай элди экиге бөлгөн адамдарды ким тыят, мындайларга мыйзам жокпу? Биз элди экиге бөлгөн жарандарга чара көрүп берүүңүздөрдү суранабыз», - деди И.Жалиев.

Папан айыл өкмөтүнүн дагы бир жашоочусу Жаныбек Самиев аталган 7 адам 15 жылдан бери тыным албай арыз жазып келе жаткандыктан аларга чара көрүлбөсө, айрым тургундар айыл өкмөт тарабынан бөлүнгөн жерлерге үй сала албай калышарын айтты.

«Мен билгенден 15 жылдан бери эле арыз жазып келе жатышат. Айыл өкмөт башчысын иштетпей коюшту. Улам-улам эле ар кайсы жакка арыз жазып, айыл өкмөттү комиссия басып калды. Папанда ошол адамдардын айынан айрым жарандар айыл өкмөт тарабынан берилген жерлерге үй сала албай жатышат. Буларга чара көрө турган адам барбы?», - деди Ж.Самиев.

Айыпталып жаткан айыл өкмөт башчысы жакшы иштерди аткарып жаткандыгын, айрыкча жолдорго асфальт төшөтүп, айылдардын ичин жарыктандырып, мечит куруп бергенин жергиликтүү жашоочу Бүайша Апсаматова айтып берди.

«Айыл өкмөт башчыбыз жаш, жакшы иштеген жигит. Арыз жаза беришип, аны иштетпей коюшту. Ал айылдарга түнкү чырактарды орнотуп, жолдорго асфальт төшөтүп, мечит курдуруп, балдарга футбол аянтча куруп берди», - деди ал.

Буга чейин Папан айыл өкмөтүнүн айрым тургундары АКИпресс-Ошто маалымат жыйынына чогулушуп, айыл өкмөттүн башчысы жана жер адиси жерди өздөрүнүн туугандарына жана капчыктууларга гана берип жаткандарын айтышкан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×