Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 04.10.2018 09:16 На русском

Өзгөндөгү мавзолейге чатыр жабууда 1,1 сом максатсыз пайдаланылган. Кылмыш иш козголду (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн шаарындагы «Сулайман-Тоо» музей комплексинин карамагындагы мавзолейди оңдоо иштерине мамлекеттен бөлүнгөн каражат максатсыз пайдаланылганы ачыкка чыкты. Бул фактыны Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Кулжа райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери текшергенин 3-октябрда ведомствонун басма сөз кызматы билдирген.

Ал эми мавзолейдин үстүн жабууга Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан тендер жарыяланган. Тендер тууралуу аталган башкармалыктын башчысынын орун басары Рустамбек Шерматов кабарчыга айтып берди.

«Мавзолейдин үстүн жабууга тендер жарыяланып, "Марат-Адыл" ЖЧКсы утуп алган. Тендердин баасы 4 млн 597 миң сом болгон. Ал эми 1 млн 131 миң сом масатсыз пайдаланылганын буга чейин билген эмесмин. Интернет барактарынан окуп калдым. Мавзолейдин үстүн жаан-чачындан коргоо максатында гана тосмо тосулган. Биз толугу менен бүтүрүп, Өзгөн археологиялык музей комплексине өткөрүп бергенбиз», - деди ал.

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Рахманжан Атаджановдун айтымында, мавзолей Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагына карайт. Ал эми «Сулайман-Тоо» музей комплексинин башчысынын илимий иштер боюнча орун басары Хайрулло Убайдуллаев мавзолейлер ачык асман алдындагы уникалдуу эстеликтердин бири болгон.

«Өзгөн археологиялык музей комплекси «Сулайман-Тоо» музей комплексинин карамагында турат. Буга чейин мавзолейлердин чатырынан тамчы тамып, ичи ным тарта баштаган. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев келип, музей менен жеринен таанышкан эле. Андан кийин мавзолейди оңдоо иштери колго алынды.

1-этабында мавзолейдин үстүн жаан-чачындан тосууну пландаганбыз. Андан соң 2-этабында мавзолейдин тешиктерин бүтөө, биз жоготуп алган декорацияларын калыбына келтирүү иштери жүрөт. Негизги максатыбыз — маданий, тарыхый баалуулуктарыбызды сактап калуу», - деди Х.Убайдуллаев.

Өзгөн архитектуралык комплекси бир мунара, үч мавзолейден турат. Мавзолейлер XI-XII кылымга таандык болуп, Карахандар доорунун архитектуралык өнүгүүсүн көрсөтөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат бул фактыга байланыштуу чогултулган материалдардын негизинде:

- КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 171-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу);

- 221-берене (коммерциялык уюмдун кызматчысы кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануусу);

- 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу);

- 315-берене (кызматтык жасалмалуулук) боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×