Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 04.10.2018 17:27 На русском

Айыл турмушу: 18 жылдан бери жүзүм өстүргөн Абыджан Умаров жылына 2 млн сомго чейин киреше табат (сүрөт, видео)

Turmush -  Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын жашоочусу Абыджан Умаров 18 жылда жүзүм багынын санын 600 түпкө жеткирди. Учурда багбандын короосунан жүзүмдүн 5 түрүн көрүүгө болот.

Багбан 30 сотых жерге жүзүмдүн дарья, тойфа, кримсон сидлис, ризамат, хусайне аттуу түрлөрүн тиккен. Ал жыл сайын жүзүмдөн мол түшүм алып келет.

«Жүзүм өстүрүүнү 2000-жылы баштап, эки жылдан кийин түшүмүн сатыкка чыгардым. Учурда 75 сотых жер үлүшүм бар. Анын 30 сотых жерине жүзүмдүн 5 түрүн тиктим. Азыр ал жерде 600 түптөн ашык жүзүм дарагы бар. Ал эми дагы 30 сотых жерде 100 түп кокон гилас, 40 түп алма (семеренко сорту) өсөт», - дейт багбан.

Абыджан Умаровдун айтымында, орто эсеп менен бир түп жүзүмдөн 50 килограммдан 100 килограммга чейин түшүм алса болот. Жүзүмдүн түрлөрүнө жараша ар бир сабагынан 300 граммдан 5 килограммга чейин жүзүм алынат. Ал эми жүзүмдөн түшкөн жылдык киреше орто эсеп менен 2 миллион сомго жетет.

«Мындан 18 жыл мурун жүзүм тигип баштаганымда элдин баары каршылыгын көрсөтүп, "андан көрө картошка, арпа, буудай экпейт белең" дегендер болду. Бирок мен өз максатыма жеттим деп эсептейм. Азыр жүзүм өстүргөн адамдарга өз кеңешимди берип, тажрыйбам менен бөлүшүп турам. Жүзүм бакты көрүүгө келгендерге эшигибиз ачык», - деди ал.

Анын жакындарынын айтымында, багбан турмуш-тиричиликке тың болгон. Ал СССР тарагандан кийин кыйынчылыктарга карабай, 1,5 гектар жерге алма эгип, андан 40 тоннадан ашык түшүм алып, ошол кездеги дыйкандардын эң алдыңкы катарын толуктап турган.

68 жаштагы Абыджан Умаровдун 3 кыз, 2 уул, 19 небере жана 3 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×